Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кээде түштөргө гениалдуу ойлор кирет

Кээде түштөргө гениалдуу ойлор кирет

05-октябрь, 19:30
539 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Адам баласы өмүрүнүн тең жарымын түш көрүү менен өткөрөт. Окмуштуулар адамдын уктаганын изилдеген сайын улам жаңы ачылыштарды чыгарышууда. Адам түш көрүп жатканда ар түрдүү образда болуп, бирде ыйласа, кээде күлөт. Ал эми медицина кызматкерлери төмөнкүдөй илимий аныктамаларды беришет.

Адам түш көрүп жатканда денеси дээрлик шал сыяктуу кыймылдабай калат. Бул мээнин элестетүүсү кайталанбашы үчүн жасалган табигый нерсе. Бул функция эс алуу үчүн жана ар кандай жаракат алуудан коргонуу үчүн жасалат.

***

Көмүскө туюм уктап жаткан кишинин реалдуу каалоолорун элестетет. Бул айрыкча ачкачылык, суусагандык сыяктуу муктаждыктар убагында ачык байкалат.

***

Көптөгөн изилдөөлөрдөн улам мурдагы тамеки тарткан адамдар чындыкка жакын жана ачык түштөрдү көрөрү белгилүү болгон. Алар ал гана эмес түштөрүндө никотиндин даамын татып, бир топ канааттануу алышат.

***

Эгерде адамдын күнүмдүк турмушу окуяларга бай болсо, түштө да бул көрүнүш чагылат. Күндөлүк окшош турмуш, чарчоо жана жашоонун бир түрдүүлүгү ак-кара түстөр менен коштолот.

***

Кээде адамдар ойгонуп кетип, түшүндөгү таттуу кыялдарында бейтааныш бирөөнү көргөнүн айтышат. Чындыгында биз качандыр бир көргөн кишилерди гана көрөбүз. Болгону бул тууралуу унутуп калышыбыз ыктымал, ал эми мээ ошол образды сактап калат.

***

Кээде түшкө гениалдуу ойлор келет. Бирок, адамдар түшүнүн 10%ын гана эстеп калышат. Калгандары таптакыр унутулат.

***

Адам коңурук тартып жатканда түш көрбөйт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер