Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өрттөлгөн өлүк, өлтүргөн бир тууган, ким күнөөлүү?

Өрттөлгөн өлүк, өлтүргөн бир тууган, ким күнөөлүү?

07-ноябрь, 15:37
645 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ош шаарынын 23 жаштагы тургуну мындан бир жыл мурун 28 жаштагы агасын өлтүрүп, өрттөп, ээн талаага көмүп салганы тартип сакчыларына маалым болуп, кылмышка шектүү  адам кармалган эле.

Оштун Төлөйкөн айылынын 28 жаштагы тургуну Аваз уулу Жолдошбай жакындары тарабынан өлтүрүлүп, ээн талаага көмүлгөнү, жакын туугандары аны «Орусияга кеткен» деп айтып жүргөнү милицияга кабарланат. Милиция дароо иликтөө иштерин баштап, бул маалымат чын болуп чыккан.

23-сентябрда адам өлтүрүүгө шектүү катары маркумдун 23 жаштагы бир тууган иниси кармалды. Ал алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө жасаган кылмышын моюнуна алып, агасын 2018-жылдын сентябрь айында өлтүрүп, ээн талаага алып барып, машинанын эски дөӊгөлөктөрү менен кошо өрттөп, өлүктүн калган калдыктарын көмүп койгондугун айтып берди. Кылмышка шектүү иниси окуянын чоо-жайын төмөдөгүдө баяндап берди:

«Агам кичине кезимден баштап мени көп келекелеп, көпчүлүктүн көзүнчө шылдыӊдай берчү. Көп ирет колу тийген. Ал тургай апама, карындашыма дагы кол көтөрчү. Былтыр сентябрь айында дагы мас болуп, колуна ичимдиктерди көтөрүп келди. Карындашым, апам анын пейилин билип, үйдөн качып кетишиптир. Келип эле мага тийишип, ура баштады. Мен ачуу үстүндө бөлмөдө турган көсө темир менен башына чаап жибердим. Агам жерге жыгылып, дем албай калды. Мен анын өлүгүнөн кутулуу үчүн талаага алып барып өрттөп, ошол жерге көмүп койдум. Сурагандарга «Россияга кеттим» деп үйдөн чыгып кетти» деп айтып жатканмын», -деди.

Иниси маркум агасы аны бала кезден сабап, энеси менен карындашына да тынчтык бербей жүргөнүн айткан.

Кечээ, агасын өлтүргөн инисин сот сегиз жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер