Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улан Рысбеков: “Молдомуса Конгантиевдин ысымын Бишкек ШИИБге ыйгарсак жарашат”

Улан Рысбеков: “Молдомуса Конгантиевдин ысымын Бишкек ШИИБге ыйгарсак жарашат”

12-апрель, 09:00
1 350 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2010-жылдын 6-апрелиндеги Таластагы кагылыш... Ошол мезгилде Бишкек ШИИБнин коомдук коопсуздук боюнча бөлүмдүн жетекчиси болуп турган, 6-апрелде Акүй тарабынан ыкчам топту жетектөө үчүн Таласка жөнөтүлгөн полковник Улан Рысбеков мырзаны кепке тарттык.

-- Улан мырза, 2010-жылы 6-7-апрель күндөрү Таластагы окуяларды унута элексизби? Бишкектен кантип ал жерге барып калдыңар, ток этерин эстесеңиз?

-- Бул боюнча далай ирет ЖМКларга болгонун болгондой, баарын төкпөй-чачпай айтып бергем. А кездеги күркүрөп турган “Учур” гезитине эки бет толтура маекти өзүңүз алгансыз. Таластагы окуяны китеп катары жазса да болот. Мен ар бир учурун айтып отурбайын. Урунттуу жерлерине токтолоюн. Таластын агездеги губернатору Бейшен Болотбеков колго түшкөнгө чейин “Курманбек Салиевич, эч камсанабаңыз. Болгону бир аз жардам керек, көчөгө чыккан элди чым баскандай тынчытам!” деп телефон аркылуу байланышканда айтыптыр. Мындай кесир сөз ошол замат элге желдей тарап, намыстуу Талас элин ойготуп, ансыз да чыңалып турган кырдаалды ого бетер курчутуптур. Жетекчи деген элге жакын болуп, алардын кызыкчылыгын коргогондун ордуна, кайра текебер мамиле кылган – эң чоң катачылык да. Элден айланса болот... 

-- Ошол кезде сиз да аябай катуу тепки жегенсиз, ары барып, бери келгенсиз да?..

-- Мен ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин телефон аркылуу “Улан, сен эң биринчиден кол алдыңдагы балдардын өмүрүн сакта! Ал үчүн жоопкерчиликтүүсүң! Кандай болгон кырдаалда, керек болсо кыйчалыш учурда да боевой окту колдонбогула!” дегени ушу кезге чейин эсимден чыкпайт. Ошол убакта бул сөздөр мага дем берип, духумду көтөрүп турган. Ал октор ошол замат “жок” (изи жашырылган) кылынган. Биз бир да жолу элге карата боевой ок колдонбодук. Ошондон улам Таласта бир да адам милиция тарабынан өлүмгө учураган эмес.

Ооба, Таластагы болгон окуяда токмок жебеген, жаракат албаган, сабалбаган милиция болгон эмес. Баарыбыз соо калбадык. Анын ичинде мен да бармын. Эсимде, аянттын четинде жатам, өлүү менен тирүүнүн чегинде. Кайдан-жайдан эки жаш бала келип, анын бирөөсү менин бут кийимимди чече баштады. Аны бир жума мурун алгам, жапжаңы бойдон болчу. Анан экинчиси, “эй энеңди с.., өлгөн адамдын кийимин кийбейт!” дегенде, туфлини таштап салып басып кетишти. 

-- Ошол туфли эмне болду?

-- Туфли эмес, ошол кезде баарыбыздын аман калганыбызга Кудайга шүгүр деп атам. Талас элине рахмат! Арасында акылман, көрөгөч, кыраакылары бизди жаап-жашырып, жеп аткан аштарынан берип, граждандык кийимдерди кийгизип, көпчүлүктүн каарынан аман алып калышты. Анысы аз келгенсип Бишкекке карай жолдун акчасын төлөп беришти. Талас элине таазим! 

-- Уланбай, Кашкар Жунушалиев менен иштешип калдың да, бу киши жөнүндө азыр ИИМ кызматкерлеринде, коомчулукта бир дагы жакшы пикир айтылбай калды. Сиздин да ойду угалы дегем?

-- Бу киши жөнүндө китеп жазса да болот. Кайсы жоругун айтайын. Азыр диплом тууралуу сөз болуп атат. Бу кишинин диплому бар экени күмөн жаратууда. Дегеним, эки жылдык милиция мектебин гана бүткөнүн эл билет экен. 2010-жылкы элдик революцияда мародерлукка да ушу киши күнөөлүү. Коомдук тартипти көзөмөл кылуу Кашкардын милдети болчу. Милдетин аткармак тургай шаар ичинен жок болуп кеткен. Кечээги эле Кой-Таш окуясын алалы. Эң биринчи күнөөкөрү Кашкар Жунушалиев. Стратегия, тактика дегенден эч бир кабары жок. Дымагын карабайсызбы, 3-дүйнөлүк согушка даярдангандай даярданып алып, безграмотный операция... Мындайды ротанын командири артыгыраак кылмак. Негизи Кашкар Жунушалиевдин ишмердүүлүгү тууралуу 2012-жылы Жогорку Кеңеште коркпой-үркпөй айтып чыккам. Сындагам. Кээде таңгалам, “кантип эки жолу министр болду?” деп. Аябай интриган, ызы-чуудан башы чыкпайт... Мына, азыркы министр Улан Ниязбековду алалы, эл оозуна алына турган мыкты иштерди жасап жатат. Министр деген ушундай болуш керек. Өздүк курамдагы тартип ойдогудай, эч бир интрига менен иши жок, министрликтин ишин алдыга жылдырууда. А баса, учурдан пайдаланып биздин маекке бир сөздү айта кетейин, уруксат этсеңиз. Бир кезде ИИМди башкарган, кечээ көзү өтүп кеткен Молдомуса Конгантиевдин ысымын Бишкек ШИИБге ыйгарсак жарашат, ушу жагын бийликтин жогорку бутагындагылар, ЖК, президент Садыр Нургожоевич карап көрсө дейт элем.  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер