Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Манас Саматов: «Дыйкандардын кызыкчылыгын карабасак, алар да мигранттардын катарын толукташат»

Манас Саматов: «Дыйкандардын кызыкчылыгын карабасак, алар да мигранттардын катарын толукташат»

13-ноябрь, 09:30
1 099 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугу кандай абалда? 

-- Акыркы жылдары «азык-түлүк коопсуздугу» деген түшүнүктү көп колдонуп калдык. Бирок биз бул жалаң эле айыл чарба министрлигинин же президенттин милдети эмес экенин түшүнбөй жаткандайбыз. Азык-түлүк коопсуздугу – жалпы улуттук жоопкерчилик. Маселен, айрымдар жылуу үйүндө отуруп алып, арзан эт, май, нан жегиси келет. «Тигинин баасы кымбат, мунун баасы өстү» деп нааразы болушат. Айыл чарба продукциясын өндүргөн фермерлер менен жалпы керектөөчүлөрдүн ортосундагы кызыкчылыктын балансы болуш керек. Эгерде айыл чарба өндүрүшүндө киреше жок болсо, дыйкан дыйканчылык менен алектенбей калат. Ал дагы мигрант болуп, аргасыздан башка мамлекетке кетет.  Продукциянын аз өндүрүлүшү дасторконго келген азыктардын баасынын кымбатташына түздөн-түз таасир этет. Фермерлердин артында кыргыздын калкынын 3/2си турат. Себеби, биздин элдин басымдуусу айыл жеринде жашайт.  Ошондуктан фермердин кызыкчылыгын бир кадам алдыга коё жүргөнүбүз жакшы. 

-- Эмнеге атамекендик дыйкандар негизги азыктарды өндүрбөйт?

-- Биздин фермерлер алда канча жөндөмдүү. Айыл чарба продукцияларынын бардык түрүн өндүрүү колдорунан келет, бирок ал үчүн өлкөдөгү дыйкан-фермерлердин билимин жогорулатуу, ар тараптуу колдоо көрсөтүү талап кылынат. Айыл чарба биринчи кезекте илимди, билимдүүлүктү талап кылган өндүрүш. Ошондой эле бул сектордун биздин айлана-чөйрөбүздүн тазалыгына түздөн-түз таасири бар. Биз көчмөн эл катары кышкысын кыштап, жайкысын жайлоого келип, жерге этият мамиле жасап, жайлоодо өндүрүлгөн сары май, курут, каймак сыяктуу кышка камдаган оокат менен күн көрчүбүз. Мында азык-түлүк коопсуздугу деген көйгөй жокко эсе эле. Бүгүнкү күндөгү адам баласынын керектөө чөйрөсү кеңейди. Ысык суу, муздак суу, электр энергиясы, айтор, комфортко ылайыкташтырылган баардык шарттар түзүлүшү керек болууда. Албетте, заман өзгөрдү, ошол эле учурда бул нерселерди ырааттуу, ысырап кылбай колдонууну сиңиргенибиз жакшы.  

-- Сугат көйгөйлөрүн чечүүнүн кандай мүмкүнчүлүктөрү бар? 

-- Өлкөнүн 95%ын тоолор түзөт. Айдоо жерибиз 1 миллион 250 миң гектар. Бул 5 эле пайызды түзөт жана бүгүнкү күндөгү биздин калктын санына жетишсиз. Жерге батпай калдык, жер жок. Айыл чарба өндүрүшүнүн масштабын кеңейтүү үчүн кандай жолго барышыбыз керек? Экстенсивдүү ыкманы, аянттарды кеңейтүүнү колдонуп бүттүк. Эми интенсив жолуна өтүшүбүз керек. Бул аз аянттан көп түшүм алуу дегенди билдирет. Же болбосо малдын туягын арттырбастан, асылдуулугун жакшыртып, аз туяктан көп киреше табуу. Тамчы сугат системасы менен бирге жаңы ыкмалар келди. Буга чейин тоо этектеп жайгашкан эл кайсы жерден арык өтсө, ошондон ылдый жаткан жерлерди гана сугарып оокат кылып келгенбиз. Тамчы сугат системасы жана электр энергиясын пайдалануу аркылуу насос бар жерлердеги арыктын өйдө жагындагы жерлерди да иштетип, түшүм алуу мүмкүнчүлүгү ачылды. Ошондой эле ирригациялык системаны санариптештирүү менен көптөгөн маселелерди чечсек болот. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер