Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улукбек Маматаев: “Оппозицияга башаламан уюштуруу, төңкөрүш жасоо жалаасын жаап жатышат”

Улукбек Маматаев: “Оппозицияга башаламан уюштуруу, төңкөрүш жасоо жалаасын жаап жатышат”

19-июль, 10:15
534 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Бириккен демократиялык кыймылдын” (БДК) мүчөсү менен маек.

-- Улукбек мырза, 16-июль күнү Талас жергесине БДК мүчөлөрү барат экенсиздер, негизги максатыңарга кыскача токтолсоң?

-- Ооба, БДК мүчөлөрүн 16-июль күнү Талас жергесине расмий түрдө чакырышты. “Апрель баатырларына таазим” деген маданий саамалык өтүп жатыптыр. 2010-жылкы Апрель баатырлары уюштуруп жаткан иш-чара экен. Биз баарыбыз барып, сөзсүз түрдө набыт болгондордун арбактарына багыштап куран окутабыз. Албетте, саамалыктын алкагында ар кандай курч сөздөр айтылышы мүмкүн. БДК мүчөлөрү бүгүнкү Кыргызстандагы саясый акыбалга карата бийликтин жасап жаткан туура эмес иштерин, кандай жолго түшкөндөрү боюнча ой пикирибизди ортого салабыз. 

-- БДК мүчөлөрүнө бийлик тараптан кысым дале болуп атабы же токтоп калдыбы?

-- Бийлик тараптан кысым болуп жатат жана уланууда. Өзүңүздөр да көрүп жатсаңыздар керек, жөнөкөй эле бир сүрөттү көргөзүп, мамлекеттик телеканалдар аркылуу оппозицияны, БДКнын мүчөлөрүн жамандашууда, “мамлекеттик төңкөрүш кылышат экен, башаламандык уюштурганы жатышат” деп бизге курулай жалаа жаап, элге тескери маанайда көргөзүшүүдө. Биз муну кысымдын бир түрү катары атайт элек. Ошондуктан сотко баардык материалдарды даярдап атабыз. Ошол эле мамлекеттик каналды сотко беребиз. Бийлик бизден эле мыйзамды талап кыла бербей, өздөрү да мыйзам чегинде иш алпарышсын!   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер