Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Текебаевдин элчи болушун депутат Түмөнбаев чечтиби?

Текебаевдин элчи болушун депутат Түмөнбаев чечтиби?

10-февраль, 09:00
585 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Атамекенчи” Акылбек Түмөнбаев лидери Өмүрбек Текебаев үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Германияга элчи кылууга шарт түзгөнүн эшиттик. Көшөгө артынан ыңгайсыздык, оорчулук жаралса да максатына жетиптир... Дал ушул ийгиликтин башаты былтыр башталган. Өткөн жылдын биринчи жарымында Текебаев бийлик менен бир канча ирет сүйлөшүп, ымалага келишип, Германияга элчи болуп кетмек. Агреман да келген. Бирок август айында партиялаштарынын суранычын кыя албай, “Ата Мекенди” жетектеп, парламенттик шайлоого аттанууга аргасыз болгон эле. Саясаттын айынан президент Садыр Жапаров менен бир канча ирет айтышып, күрдөөлдүү күздө кыйла эле тирешип турду. Бирок, партиясы шайлоого өтпөй калгандан кийин эмне кылмак? Оппозиция лидери катары бийликке каршы күрөшүү милдети турду. Мындай жагдайда ортомчусу жарашып, Текебаевдин жыдый элек элчилик креслосун кайра алуу машакаты оңунан чыкты. Бул көрүнүш бийлик үчүн утуш. Таасирдүү саясатчыны колго алып, душманды дос кылган Садыр Жапаров айкөлдүгүн көрсөттү. Кийин көрөгөчтүк кадам болгону бааланабы?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер