Сактар, усундар, хундар – кыргыздардын түпкү тегиби?
Урматтуу кыргыз элим, Кыргыз академиянынан 2005-жылы басылып чыккан “Токтогул району” энциклопедиясынын 27-бетиндеги жана 31-34-беттеринде сактар, усундар, хундар жөнүндөгү баяндамаларды окуп чыксаңар, биз – кыргыздардын өткөндөгү жашаган жери, алардын келип чыгышы, көчмөн турмушу, тили, мал чарбачылыгы менен жашоо жөндөмдүүлүгү, маданияты, керек болсо өңү, чачы, көзү так эле кыргыздардыкына окшошуп кетет. Мындай өзгөчөлүктөрү ушул эле энциклопедиядан жана тарыхчыларыбыздын, окумуштууларыбыздын, саясатчыларыбыздын, журналисттердин, коомдук ишмерлердин эмгектеринен жана санжыра-легендаларынан белгилүү.
Сактар. Сактар Орто Азия менен Казакстандын аймагында кеңири тараган эл. Гректер аларды скифтер деп коюшкан. Алар кийизден жасаган чуштугуй калпак кийишкен. Кыска кылыч, жаа менен куралданышкан. Биздин заманга чейинки VII-III кылымдарда Теңир-Тоодо мал багып, көчүп-конуп жүрүшкөн. Үй буюмдары, курал-жарактары чопо, жыгач, тери, темир, сөйкөлөрүн жана алтындан жасаган кооз буюмдары мүрзөлөргө коюшкан. Согушчан эл болгон. Кетмен-Төбө (азыркы Токтогул району) сак падышаларынын ордосу экени белгилүү. Коңушу уруулар, перстер, гректер менен согушуп турган. Б.э.ч. II кылымда чыгыштан келген юэчжи (аарлардын) кысымы менен Орто Азиянын чордонуна журт которушкан. Кээ бири ошол чыгыш Түркстанда кала берген. Сактар ошол жердеги усундар менен да жуурулушуп кетишкен.
Усундар. Усундар башында чыгыш Түркстанда жашашкан. Кийин, б.э.ч. II кылымдын аягында Хундардын кысымы менен Теңир-Тоого келип туруп калышкан. Теңир-Тоого Алай, Иле дарыясы менен Балхаш көлүнө чейинки аймак кирет. Борбору Ысык-Көлдүн Чигү шаары болгон. Алар хун элине баш ийишкен. Бирок б.э.ч. 161-жылы өзүлөрүн хундардын көз карандысыз мамлекет катары жарыялашкан. Алардын жерине элчи жиберип турушкан. Усундардын каада-салты хундардын каада-салтына окшош келген. Алар хундардай эле, мал чарбачылыгы менен алектенишкен. Боз үйдө жашап күн өткөрүшкөн. Сактар сыяктуу жоокер эл болгон.
Тыштан келген душмандардын мизин майтарып турган. Темирден кылыч жасашып, жебе менен куралданышкан. Таш жаргылчак колдонушкан. Эли 630 миң болуп, анын ичинен 180 миңдей аскер кызматчылары болгон. Хан империясы, Кангүй, Даван мамлекеттери менен алака түзүп турушкан. Б.э.ч. V кылымда чыгыштан келген жужандар (аварлар) усундарды Теңир-Тоонун чыгышына сүрүп таштаган. Кийин алардын мамлекети жоюлуп Теңир-Тоодогу түрктөр менен жуурулушуп кеткен. Сактар сыяктуу эле мал чарбачылыгы менен алектенген эл болгон.
Хундар. Хундар б.э.ч. VI кылымдан тартып Кытайдын Хуанхе дарыясынын түндүк батышына чейинки б.э.ч. III кылымга чейин жашашкан. Хундардын түндүк батышында кыргыздар жашашкан, ал эми чыгышында дунху (монгол). Уруулары болгон, батышында кытай менен чектешкен, б.а. Сыр дарыясынын түндүк жагы жана Арал деңизди менен Кара деңиздин жээктери менен өтүп Кавказ тоолоруна чейинки аралыкта жашашкан.
Тарыхчылар, окумуштуулар, коомдук ишмерлер эмне дейт? Санжыра, легендачыларчы?
1. Белгилүү археолог, кыргыз таануучу Ю.С.Худяков, Кытай таануучу Л.А.Боровкова жана азыркы кыргыз тарыхчылары б.э.ч. 100-жылдары кыргыздардын журту чыгыш тоодо жана Манас менен Кара шаар талааларында (Боро-Хоро тоо кыркалары) Кытайдын түндүгүндө же жунгарыя ойдуңунда жашашканын далилдеген. Кийин түндүктөн келген жужандардын (авар) кысымы менен Енисей аймагына – түндүк батыш монголиянын кыргыз-нур (кыргыз көл) деген көлдүн жегинде б.э.ч. 209-жылы жер которушкан. Алар ошол мейкинде жашаган усундар жана хундар бири-бири менен согушуп турушкан. Хундар аябай согушчан эл болгон. Ошондон коркуп Кытай императору Цин улуу кытай дубалын тургузган (б.э.ч. 215-жылдары). Ал дубалдын узундугу 4 миң метр, бийиктиги 10 метр, туурасы 8 метр болгон.
Жерин кеңейтип алуу максатында хундардын башында турган Моде-Шануй б.э.ч. 201-жылы чыгыштагы түндүк-батыш монголияны, Саян-Алтай тоолорунун этегиндеги жунгарияны басып алып, Кытай менен согушкан. Согуш учурунда Кытайдын мыкты аскер башчысы Ли-Лин бир канча жүздөгөн армиясы менен көлгө тушүп берген. Ли-Лин хундарга ак кызмат өтөп, Моде-Шануйга чоң жардам көрсөткөндүгүн эске алып, Моде-Шануй өз кызын аялдыкка берген. Ал кыздын көзү кара, кара чачтуу болуп кыргыздарга окшош экен. Ошондуктан археологдор Н.Аристов менен В.Бартольт белгилегендей “Хундар жана усундар” как раз и есть предки кыргызов” деген. Мен болсо “чын эле, кыргыздардын ата-теги усундар менен хундардан турбайбы? деп ишенип калдым.
Эми Моде-Шануйдун б.э.ч. 201-жылдагы түндүккө жасаган жортуулуна келели. Моде-Шануй андан ары түндүктү көздөй бет алып, түндүк-батыш Монголия, андан ары Саян-Алтай тоолоруна жетип, ал жерден 8 уруудан турган бирикмелерди баш ийдирет. Алардын ичинде Гянь-Гун (кыргыз) бирикмелери, динлин, ханюй, куйше (кыпчак, сенли деген уруулар болгон, ал андан ары өтүп Жунгарияны өзүнө караткан. Ошолордун ичиндеги гянь-гун уруусу тарыхчылардын изилдөөсүндө кыргыздар болуп чыккан.
Кытайдын эң улуу саякатчысы, окумуштуу Сыма-Цзянь, ошол 201-жылы табылган 8 уруу жашаган аймакка барып, изилдеп, ошол жерде 8 уруунун бири кыргыз бирикмеси экенин аныктаган, ал уруунун ата-теги усундар экенин далилдеген. Ошондон кийин Сыма-Цзянь өзүнүн, “Тарыхый жазмалары” китебинде мындай деп жазган: “Кыргыздардын нак ата-теги усундар болот, алардын көзү көгүш, сары чачтуу, монголоид тибиндеги эле кыргыздар” деп жазган. Мына ушуларды эске алып, Кыргызстандын биринчи президенти А.Акаевдин демилгеси менен 2003-жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2020 жылдыгын белгилебедикпи.
2. Белгилүү мамлекеттик ишмер, тарыхчы Дастан Сарыгулов өзүнүн 2007-жылы басылып чыккан “Кемтиген кыргыз – кемилген китеп” аттуу китебинде Енисейдеги Афанасьев мүрзөлөрүн казганда, анда табылган адам сөктөрүнүн жанына көп сандаган кыргыздарга таандык буюм-тайымдар (чүкө, томпойлор ж.б.) ушул күнгө чейин сакталып калгандыктан кыргыз улутунун байыркы тарыхы биздин эрадан 4000-5000 жылдар мурун белгилүү болгондугун далилдейт.
3. Тарыхчы Белек Солтоноев өзүнүн “Кызыл кыргыз тарыхы” китебинде окумуштуу Радловдун изилдөсүнө таянып, “кыргыз” деген сөз, Кытай тарыхында калган “Кырк кыздан” таккан. Аны кытайлар өзүлөрүнүн китептеринде “кыйкыз” деп атап алышыптыр. Менин оюмча, ошол “кыйкыз” сөзү “кыргыз” эле болсо керек” деп жазган.
4. Археолог В.Бартольт, өзү жазган 1963-жылдагы “исторический очерк” китебинде Монголиянын түндүк-батышында Саян, Алтай тоо кыркаларында жашаган “Кыргыз бирикмеси” бар экендигин белгилеп, алардын өңдөрү монголоид түрүндөгү көзү көгүш, сары чачтуу эл болот” деген.
5. Археолог Н.Аристов 1893 году пришел к выводу о том, что “Усуни являются прямым предком” нынешних кара кыргызов, занимающихся в западном Тань-Шане, которые первоночально обитали на Енисее, затем разделившись ранее в III веке до нашей эры поддались на Тянь-Шань.
6. Котормочу Мосоков Каныбектин басмаканадан 2013-жылы басып чыгарган “Байыркы кыргыз санжырасы” деген китепте Н.А.Аристовдун мындай деп айткан сөзүн келтирген: “Уйсундардын (усундар) чыккан аты, кыргыз же бул уруунун аты кыргыздын сары уйсун (усун) деген колбашчысынан тараган” деген гипотезаны келтирген.
7. Журналист Г.Мамбеталиев “Свободные горы” газетине 10-февраль 1996-жылы жазган макаласында “Илгери адам атанын тукумдары “топон суу” катастрофасынан кырылбай, ошондогу азыраак эл тоодогу суунун башына көчүп барып аман калышыптыр. Ошондуктан, мындай аз калган эл кырылбай “Кыргыз” атка конуптур. Ошол эле себептен кыргызда “эл башы болгуча, суу башы бол” деген макалды айтып жүрүшөт.
8. Тарыхчылар В.Мокрынин жана В.Плоских 1955-жылы орус мектептеринин 8-9-класстары үчүн чыгарган “Кыргызстандын тарыхы” деген окуу китебинде мындай деп жазган: “Самое первое дошедшее до нас о кыргызах встречается в китайских источниках в 201 году до нашей эры. Именно в это время мощное государство гуннов (хуннов) во главе с Моэдуном заваевоно ряд землей (северо западная Монголия), где существовало владение кыргызов. Андан ары ал кыргыздар жөнүндө кытайдын летописинде жазгандай, биздин эрадан 99 жыл мурун ошол “Кыргыз владениясын” кытайлык Ли-Лин деген согуш жетекчиси башкарып турган деп жазып, төмөндүгүдөй түрк легендасын, божомолуп калтырган. Анын кыскача мааниси: “На маленькое племя напали враги в живых остался только один мальчик, враги отрубили обе руки и бросили в болото. Настала ночь, умирая улавливал плачь шакалов. На краю болота возникла огромная волчица. Она ухватила мальчика и вытащила из болота. Накормила своим молоком, мальчик вырос под защитой волчицы, превратился в красивого юношу. Только руч его не было и людей не видел, сидел на берегу горной речки, думая горькую думу. Спал, когда проснулся перед ним стояла прекрасная девушка. Спросила “кто ты?”. “Я богиня реки, пришла спасти твой народ от вечного забвения, теперь если хочешь, я стану твоей женой”. Через некоторое время враги убили юношу, а волчица убежала в горы Алтая. Там родила 10 сыновей. Самый ловкий, по имени Ашина остался на Алтае, и от него произошли древние тюрки. Другой из сыновей по имени Кыргыз стал править над народом Енисей...”. Мына ошондон кийин, азыркы кыргыздар, “чын эле биз ошондогу Алтайдан түшкөн карышкырдын балдарынын тукумдарынанбызбы?” деп ойлойт болду бекен?
9. Анарбек Усупбаев, “Манас ордо” коомунун төрагасы, техникалык илимдердин кандидаты, өзүнүн 2011-жылы басылып чыккан “Кыргыз улуту уруулардан түзүлөт” деген китебинде, кыргыздын улуу окумуштуусу, биология илимдеринин доктору Алмаз Алдашев өзү иштеген Кыргыз илимдер академиясы жана Париждеги антропология музей, Фрунзеде, Кыргызстан эл аралык университет өткөргөн “тегерек үстөлдө” ошол музей менен биргелешип, изилдөөлөрдү жүргүзгөн илимий далилдөөлөр төмөндөгүдөй экен: “Кыргыздын канында 45% динлиндердин генетикалык RIaI маркери (кандын түзүлүшү) бар экендиги жана гундардын да 45% маркери бар экен.
Көрсө, мен жогоруда көргөзгөн усундар, гундар (хундар) динлиндер байыркы кыргыздардын ата-теги турбайбы? Тактап айтканда, алар түндүк-батышта жашаган хундардын жана түндүктөн барган жужандардын (аварлардын) кысымдары менен түндүк-батыш Монголияга барып жайгашып калышкан турбайбы.
Мына, кыргыз элим, мен жогоруда кыргыздардын түлкү теги, кайдан кандайча, кантип “кыргыз” атка конгондугун, кимден тарагандыгын, ким менен дос, душман болгондугун, канча убактан бери жашап келе жаткандыгын, алардан чындыгы же легенда түрүндө мага жеткен маалыматтардын бир канчасын келтирдим.
Кыргыздардын өткөндөгү накта тарыхын билүү дагы эле болсо мени канааттандырбайт. Бул жөнүндө өткөндө, 9-февраль 2023-жылы “Азия Ньюс” гезитине “Биз кыргыздар кимбиз?” деген көлөмдүү макалам чыкты эле. Ал макалада менин жүрөгүмдү өйүгөн ушул маселем биздин тарыхчылардын, окумуштуулардын, коомдук ишмерлердин көңүлүм буруу максатым эле. Бирок, ошондон бери бир жылдан ашык убакыт өтсө да, эч ким көңүл буруп “ак” же “көк” деген реакциясы болгон жок. Алар деле кыргыздардын тарыхы, тарыхчы Орозбек Айтымбетовдун 5 томдук “Кара кыргызында” эле жазылуу деп ойлошуп, “ошону окуса эле жетиштүү болот” деген ойдо кылыштыбы, билбейм. Бирок, мен бул 5 томдукту окуй элекмин. Силер кандай дейсиздер? Деги биз кыргыздар кимбиз?
Акматалы Тургунбаев, 87 жашта, автотранспорт ардагери
Тел.: 0703 87-31-50