Мектеп пайдубалына коюлган бомба!
Деги эле мектепке кандай жаңы сабак киргизбейли, сонун иш жасап жатабыз. “Өнүгөбүз! Өсөбүз!” деп жар чакырабыз да, анан эле натыйжасы теңирден тескери. Алыс барбай эле «Ыйман» сабагы, «Адеп» сабагы, «Дин маданиятынын тарыхы» сабагы, же «Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагын эле алалы. Жакшынакай ой-тилектер, асыл максаттарды ишке ашырууда акылды пештеп, терең анализдеп иш кылбай эле алабармандап, ар кимди ээрчип кетип, өзүбүз бузабыз. Бул маселе бүгүн эле чыга калган жок. Диний билим берүү жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана өсүп келе жаткан муундун арасында диний сабаттуулукту жогорлатуу максатында 2017-жылдын 30-августунда КР өкмөтүнүн №544 токтому чыккан.
«Дин маданиятынын тарахы» сабагын киргизүү үчүн апробациядан өткөрүүгө 19805,2 (он тогуз миллион сегиз жүз беш миң эки жүз) сом бөлүнгөн. 2018-2019-окуу жылына 9-класстарга «Дин маданиятынын тарыхы» предмети боюнча окуу усулдук комплекстерди апробациялооо жөнүндө КР билим берүү жана илим министрлигинин 2018-жылдын 23-октябрында №1312/1 буйругу чыккан. «Дин маданиятынын тарыхы» курсунун кыргыз жана орус тилинде даярдалган кол жазмасы (автордук топ: И.Асланова, М.Иманкулов, Г.Исаева, Н.Курбанова, К.Курманалиев, З.Чотаев) Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңешинде жактырылып (2018-жылдын 24-сентябрындагы №8 жыйын протоколу), республиканын 56 мектебинде 2018-2019-окуу жылында сынак жүргүзүлгөн.
Кыргыз билим берүү академиясынын президентинин буйругунун негизинде
-- Жаанбаев Сейитбек, Кыргыз билим берүү академиясынын окуу методикалык комплекстерди экспертизалоо жана апробациялоо бөлүмүнүн башчысы;
-- Кашкаров Кубан Мырзабекович, Кыргыз билим берүү академиясындагы социалдык гуманитардык билим берүүнүн проблемалары лабораториясынын ага илимий кызматкери;
-- Бердибек уулу Шекербек, И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин теология факультетинин ага окутуучусу (магистр) апробациянын жүрүшүн көзөмөлдөп, мугалимдерге методикалык жардам көрсөтүшкөн. Сынактын жыйынтыгы боюнча 2019-жылдын 2-февралында, 13-мартта, 3-майда жана 17-майда авторлор менен мугалимдерден түшкөн сунуш-пикирлерин талкуулап, окуу китептерин оңдоп-түзөп, дагы кандай иштерди аткаруу боюнча иш аракеттердин жолкартасы билим берүү жана илим министрлигине берилген.
Негизинен бул предметти тарых сабагында, диндердин маданиятынын тарыхы деп 9-класстарга окутууга сунушташкан. Анан эле быйыл «жетинчи класстан баштайбыз, диндердин өнүгүү тарыхын окутабыз» деп жаңы автордук топ түзүп, китеп жазып, сынактан өткөрбөй туруп эле быйыл 9-класстан киргени кызык. Кимдердин кызыкчылыгы үчүн экени да белгисиз.
Кыргыз өкмөтүнүн токтомун тоготпосок да “19805,2 (он тогуз миллион сегиз жүз беш мин эки жүз) сомду эмне кылдыңар?” деп сурап коёр киши барбы? Анан да эске алчу маселе – сынак убагында мугалимдерден башка дин ишмерлери, теологдор менен баарлаштык. Айрыкча Чубак ажы «мектепте динди окута албайсыңар, баардык диндер тарыхын бергиле. Динге тийишпегиле. Мектепте окуучулар арасында диндик араздашууну түзүп алсаңар, мамлекетти талкалайсыңар. Деги эле өлкөдөгү диний чала сабаттуулуктун азабын биз да тартып жатабыз» деп айтты эле.
Сынак өткөргөн мугалимдер “кандай болгон күндө да сабак учурунда динге байланышкан суроолор көп берилет. Окуучулар мечиттерге барышат. Ал жакта башка саясат. Ата-энелер да «туура эмес окутуп жатасыңар» деп доо коюшат. “Биз тарыхын эле окутабыз” десек түшүнүшпөйт. Айтор, жети өлчөп бир кеспесе, чатак сабак болчудай” дешти.
Белгилүү саясат таануучу, профессор Жолборс Жоробеков агай «бир дагы мамлекетте диний кырдаал Кыргызстандагыдай курч эмес» деп коңгуроо кагууда. Анан буга мектептерди тартып кирсек кандай болот экен?
«Азыр адам баласы өзүн Кудайга теңеп алды, бирок ал жапайы бойдон калды. Адамда адамдык касиет атамзамандагыдай эле чоң кыйынчылык менен калыптынып жатат» деп Чыңгыз Айтматов аалымыбыз бекер жазган жок го?
Белгилүү Люберан пастору «азыр дүйнө эрезеге жетти. Эми эл Кудайга эмес, ишеничке муктаж. Христиан болуу деген – динчил болуу дегенди билдирбейт, ал адам болуу дегенди билдирет. Христиан – бул жарык дүйнөдө өз ишенимине табынып, башкалар үчүн жашаш керек, жакшы иштерди жасаш керек» деп эсептейт. Ушунун өзүн эмне үчүн ислам дининде же мусулманчылыкта пайдаланууга болбойт? Тескерисинче, комуз арам деп, музыка, кино, театрларга тыюу салып, аялды эрмек үчүн адамдын кабаргасынан жасалган ж.б.у.с. терс пикир тараткан молдокелер мектепте сабак окутабы? Себеби «Диндердин өнүгүү тарыхын» теологдор жана Ислам университетинин бүтүрүүчүлөрү окутсун деп даярдап жатышат.
Кыскасы, бул сабак мектеп пайдубалына коюлган бомбаны элестет. Кийин ким жооп берет? Азыртан эле «президент буйрук берди» деп багытты ошол жакка бурууда. Садыр Нургожоевич, крайний болуп калбайсызбы?..
Сейитбек Жаанбаев, Кыргыз билим берүү академиясы
"Азия Ньюс" гезити