Акыркы кабарлар
» Саясат » Темирлан Султанбеков Атамбаевди үй камагына чыгарууну суранды
Темирлан Султанбеков Атамбаевди үй камагына чыгарууну суранды
08-август, 12:51

"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков өлкө бийлигине кайрылып, абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгарууну суранды. Президент Садыр Жапаров жана күч органдарынын жетекчилерине жолдонгон кайрылууда Султанбеков мурдагы президент абакта кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кармалып турганын эске салган.
Ал Азиз Батукаев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси, Кыргызстанда сыртынан өмүр бою соттолгон Жаныш Бакиевге алмашуу боюнча атайын операциясынын алкагында бошотулганын, бирок кийин бул план ишке ашпай калганын билдирген. Андан соң Азиз Батукаевди кармап келип камакка алуу боюнча аракеттер жүргөнүн, бирок экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда бул иш толугу менен токтоп калганын белгилеген.