Акыркы кабарлар
» Саясат » Сабырбек Жумабеков: “Президент мага жана кесиптештериме “куугунтук болбойт” деди”
Сабырбек Жумабеков: “Президент мага жана кесиптештериме “куугунтук болбойт” деди”
14-февраль, 16:53


Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун мурдагы жетекчиси Сабырбек Жумабеков өткөн жума күнү президент Садыр Жапаров менен жолукканын жана эмне тууралуу сүйлөшкөнүн айтып берди.
Бүгүн Жумабеков кайрадан түзүлүү алдында турган Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун эмгек жамаатына директордун убактылуу милдетин аткара турган Памир Муратовду тааныштырган.
"Жума күнү президентке жолугуп чыктым. Ал киши биздин илимий иштерибиздин баарын түшүнүү менен кабыл алды. Кеп креслодо эмес, негизги максатыбыз илимий практикалык мекемени сактап калуу, элге кызмат кылуу болчу. Мен коллективде калып иштей берем. Өзүмдүн иш бөлмөмдө бейтаптарды кабыл алууну жана илимий иштеримди улантам. Мага жана менин кол алдымда иштеп келген кесиптештериме эч кандай куугунтук, текшерүүлөр болбойт. Бул президенттин (Садыр Жапаров – ред.) сөзү, айта бар деди" деп маалымат берди Жумабеков Sputnik агенттигине.










