Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өлкөнүн кадырын көтөргөн Руслан Казакбаевдин дипломатиясы

Өлкөнүн кадырын көтөргөн Руслан Казакбаевдин дипломатиясы

25-октябрь, 18:16
427 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Октябрь окуяларынан бери бир жыл өттү. Саясатта, экономикада, социалдык турмушта бир топ өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Албетте бул процесстер кыйынчылык менен өнүгүүдө. Бир жагынан пандемия, дүйнөлүк масштабда болуп жаткан инфляция, экономикалык байланыштарга кедергисин тийгизип, баалар өсүп, баардыгы кошул-ташыл болууда. Ошого карабастан жаңы Конституция кабыл алынды, парламенттик системадан президенттик башкарууга өттүк. 

Бийликтегилер да бир сыйра эленип, министрлер кабинетинде өз ишин көрсөткөн, сыноодон өткөн жетекчилер калып, курамы жаш, жаңы күчтөр менен толукталып, президент башында турган аткаруу бийлиги жаңы дем, кайрат менен өлкөбүздү өнүктүрүү, элибизди бакубат турмушка жеткирүү үчүн кайрадан бүтпөгөн күрөш башталды.

Ошол октябрдын оор күндөрүндө түзүлгөн өкмөттүн курамына Руслан Казакбаев да кирген. Азыр да эсимде, ал тышкы иштер министри болуп дайындалар менен иштин көзүн билген тажрыйбалуу дипломат катары Кыргызстандагы чет өлкөлөрдүн дипломатиялык миссияларына, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө Кыргызстан укуктук мамлекет катары мыйзам талаасынан чыкпай, баардык өнөктөш өлкөлөр, эл аралык уюмдар менен байланыштарын үзбөй, тескерисинче, бекемдеп, кол коюлган дээрлик келишимдерди так аткара тургандыгын ишендирген билдирүү таратты. Бул алар менен мурдагыдай эле мыйзамдуу, бир пикирлеш, санаалаш саясат улана тургандыгын билдирген белги эле. Ошондон кийин ал Россия, АКШ, Кытай сыяктуу өлкөлөрдүн элчилерин кабыл алып, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кызматташтык мамилелер жолго коюлган. 

Эгемен өлкөнүн турмушунда тышкы саясат эң негизги багыттарынын бири болуп саналат. Министр Р.Казакбаевдин экинчи кадамы кошуна өлкөлөргө иш сапары менен барып, алар менен тууганча сүйлөшүп, саясый, соода-экономикалык байланыштарды жөнгө салды. Россияга жаңы бийликтин расмий өкүлү катары барып, каржылык жана гуманитардык жардам боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү, ошол кездеги өкмөттүн вице-премьери В.Новиковдун иш сапарын уюштурду. Ооба, октябрдын коогалаңдуу күндөрүнөн кийин Кыргызстандын чет өлкөлөр менен алака-катышы токтободу, изоляцияда калган жок. Эл аралык байланыштар үзгүлтүккө учурабай, иштин көзүн билген, дасыккан дипломат Руслан Казакбаев башында турган министрликтин кызматкерлери сааттай так, жан үрөп иштеген аракеттери менен жигердүү улантылып кетти. Өлкөдө абал стабилдешкенден кийин президент Садыр Жапаровдун Казакстанга, Өзбекстанга, Россияга, Түркияга, Түркмөнстанга, Тажикстанга иш сапарлары жогорку деңгээлде, ийгиликтүү уюштурулуп, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштар боюнча эки тараптуу келишимдерге кол коюлган. Кытай, АКШ сыяктуу дүйнөлүк державалар менен байланыштар бекемделген. 

Анталияда өткөн дипломатиялык форумда министр Р.Казакбаев Тажикстан менен болгон чек ара чатагы маселесин көтөрүп, ал дипломатиялык сүйлөшүү жолу менен гана чечиле тургандыгын белгилеген. Аймактагы геосаясый кырдаалга көңүл буруу менен соода-экономикалык, транзиттик, транспорттук-энергетикалык, маалымат технологиялары боюнча өз ара байланыштарды бекемдөөдө байыртан келаткан салт боюнча Улуу Жибек жолунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну сунуш кылган. 

 Чоң-Алайдагы Унжу-Булак деген жерге чейин тажиктер аскер техникалары менен миң метр кирип келип, контейнер орнотуп баштаганда, чек арачылардын ыкчам маалыматынан кийин Тажикстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси тышкы иштер министрлигине токтоосуз чакырылып, нааразылык нотасы тапшырылгандан кийин тажиктер аскер техникаларын алып чыгып кетүүгө мажбур болушкан. Бул кадам дагы бир жолу чек ара чатагын дипломатиялык жол менен гана чечүү керек экендигин айкын көрсөткөн.

Кыргызстандын эл аралык байланыштары бекемделип, тышкы иштер министрлиги жигердүү иш жургүзүп жатканын Түштүк Корея Кыргызстанды негизги өнөктөштөрдүн тизмесине киргизгени, Австрия саламаттык сактоо, санариптештирүү тармагына жеңилдетилген насыя бергени, Швейцария жүз млн. швейцария франкын грант катары бергени ырастап турат. 

БУУнун башкы Ассамблеясынын 76-сессиясына президент С.Жапаров онлайн форматында катышып, мазмундуу сөз сүйлөдү. Министр Руслан Казакбаев БУУнун башкатчысы Антониу Гутерриш жана башка ондон ашык өлкөлөрдүн министрлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, андан кийин Европага иш сапары менен барып, Евробиримдиктин өкүлдөрү, Австрия, Венгрияда иштиктүү жолугушууларды уюштуруп, келишимдерге кол койгон. Бул дагы Кыргызстандын эл аралык аброю көтөрүлүп, мартабасы артып баратканынан кабар берип турат. Президент тарабынан белгиленген өлкөнүн көп векторлуу тышкы саясаты тажрыйбалуу министр Руслан Казакбаев жетектеген тышкы иштер министрлиги тарабынан үзүрлүү ишке ашырылып, абройлуу инвесторлордун келишине жагымдуу шарт түзөт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер