Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чабал губернатор...

Чабал губернатор...

29-июнь, 21:24
462 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп Элчибек Жантаевдин дайындалганына бир жылдан ашык убакыт өттү. Бул аралыкта өзүн көрсөтүп, ишин жөнгө салып коюш керек эле. Тилекке каршы, чеке жылытчу ийгилигин көрө алган жокпуз. Баягы эле эски ыкма менен башкаруу, эптеп күн өткөрүү. Аймактарды кыдырып коймой, чиновниктей түр көрсөтмөй, майда-барат иштер. А назилинде инвестиция тартып, өндүрүшкө салым кошуу демилгелерин көрө алган жокпуз. Тышкы өлкөлөр менен алака түзүп, социалдык-экономикалык абалды оңдоо таризинде кызматташууларга шаасы келбейт экен. Масштабдуу, жогорку деңгээлдеги идеялардын үстүнөн иштөөгө дарамети жетпесе, күнүмдүк көйгөйлөргө байланып, убакытты уттуруп атканы ошол да. Губернатордун ырааттуу иш багыты, программасы болбосо, кароолчудай эле жүргөнү кимге опо? Кыскасы, Элчибек Жантаев кызматты кор кылып, эл менен да алгылыктуу кызматташа албай, артка кеткени жашыруун эмес. Жадагалса акимдер тоготпой калышса, анан эмне дейсиңер? Чабал губернатор катары сыпатталууда...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер