Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Келинчегим эки баласын таштап, жакшы турган үй-бүлөгө келин болуптур

Келинчегим эки баласын таштап, жакшы турган үй-бүлөгө келин болуптур

19-январь, 12:20
3 695 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен азыр оор абалда турам. Келинчегим экөөбүз бирге түтүн булата албай, эки балалуу болгондон кийин урушубуз күч ала берип, акыры ажырашууга алып барды. Ал эки уулумду алып, төркүнүнө кетип калды. Бир айга жетпей эле балдарды кайненеме калтырып, Москвага иштегени кетиптир.

Кайындарымдын алдына кечирим сурап барсам, «келинчегиң Москвага кеткен» дешти. Балдарымды алып кетейин деп талашсам, эч ким каршылык көрсөткөн жок. Бир уулум 5 жашта, экинчиси болгону 2 жашта. Чынын айтсам, “балдарды алып кетем” десем кайненем келинчегимди Кыргызстанга чакырабы, жараштырабы” деп ойлогом. Кайындарым мага абдан нааразы болушуп, келинчегим жетпеген турмуштан улам окуусун да таштоого аргасыз болгонуна ачууланып, “балдарды өзүң бак, эркек балдар баары бир атасына кетишет” деп карматып салышты.

Ошентип балдарды алып, шаарга келдим. Апама алып барып берейин десем апам жок. Дүйнөдөн өтүп кеткенине 7 жыл болгон. Бир тууган эжеме болгон арманымды айтсам, ал балдарды багып бермей болду. Ошентип эжем биздин балдарды канаттууга кактырбай бага берди. Улуусу мектепке барды, кичүүсү бакчага бара баштады. Келинчегим болсо такыр келбей койду.

Күндөрдүн биринде анын турмушка чыкканын уктум. Жакшы турган үй-бүлөгө келин болуптур. Жолдошу бизнес менен алектенген неме экен. Кыргызстанга келишти да, сот аркылуу ажыраштык. Мени болсо балдарга алимент төлөй турган кылып чечим чыгартышты да, балдарды алып кетип калышты.

Билем күнөө менде, биз оор турмушта жашадык. Окуусунун акчасын төлөй албай окуудан чыгып кетти, эки бала менен кыйналып жашадык. Бирок, балдарымды калтырып коюп, турмушка чыгып кетет деп ойлогон эмесмин. Балдарды көрүп турам десең келип тур, тоскоолдук жок деди келинчегим.

Фабула пресс

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер