Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Контрреволюционер Казакбаевдин котур ташы койнунда катылуубу?

Контрреволюционер Казакбаевдин котур ташы койнунда катылуубу?

02-май, 20:41
1 044 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чек ара боюнча коомчулукта талаш-тартыштар, жада калса коңшу өлкөлөрдүн да ар кандай билдирүүлөрү чыгууда. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кайдыгер. Эмне үчүн бул багытта оңдуу сөз айтканга жараган жок? Же Камчыбек Ташиевден жүрөгү түшөбү?..

Кыргыздар байыртан эле уу коргошунду дарылык үчүн пайдаланып келишкен. Ар кандай оору-сыркоодон сакайтары ырас. Бирок бул чөптү этияттап пайдалануу керек. Андыктан, фармацевтикалык ачылыштарга ылайыктап, лабораториядан кылдат өткөзүп, илимий мүнөздө изилдеп, дарылык үчүн колдонсо эмнеге жарабасын? Миңдин бири эй! Дал ушундай ырааттуу жолго жеткизбей эле кара пиар кылгандардын катары калыңдап (министр Алымкадыр Бейшеналиев туура эмес түшүндүргөнү), соцтармакта тескери реакция басымдуулук кылды ж.б. Бийликке каршы күчтөр чагымчылыкка чейин барышты. 

Мындай шартта тышкы иштер министри Руслан Казакбаев өйдөсүнүп, тар чөйрөдө Садыр Жапаровдун короосуна таш ыргытканы кандай? Себеби, президент коронавирус апаатына каршы ушул ыкманы колдонууга аракет жасап атат да. “Жакшы тилек, жарым ырыс” дейт. Аныгында, уу коргошун боюнча чет өлкөдөн Казакбаевге таңгалуу иретинде чалгандар арбын болсо, туура кеп айтканга жарабай, мамлекеттик саясаттын кызыкчылыгын коргобой койдубу? Бул жагынан оң жолду көрсөтө албаган министрдин чыккынчылыгы жакында далилденеби?..

Эске салсак, былтыркы төңкөрүштөн кийин, тактап айтсак, 9-октябрда Руслан Казакбаев жаңы бийликке каршылык көрсөтүп, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, Рыскелди Момбеков, Сапар Исаков, Жеңиш Молдокматов ж.б. саясатчылардын коштоосунда Ала-Тоо аянтына келип, контрреволюция жасоого батынышкан. Тилекке каршы, “дакансалар” көптүк кылып, бир жагынан Сокенин да тарапташтары кошулуп кетишип, буларды ур-тепкиге алышып, борбордон кубалап салышкан да. Ошондо эле котур ташы койнунда калган Руслан Казакбаев эми Садыр Жапаровго өз команда катары кызмат кылмакпыЭмитен байкала баштады, кичине олку-солку кырдаал түзүлсө, биринчилерден өнөктөшү Өмүрбек Бабановдой секирип, ойноп кетпесине ким кепилдик беле алат? “Досуңду көрсөтчү, сенин ким экениңди айтып берейин” дегендей, Казакбаевдин туруксуздугу Бабановдон кем калышпайт го? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер