Алмаз Тажыбай: «Чыныгы оппозиция Атамбаев менен Равшан Жээнбеков»

Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай партиялардын биригүүсү, өлкөдөгү кырдаал боюнча азыноолак ой бөлүштү.
-- Учурдагы саясый абалды, партиялардын биригүүлөрүн кандай баалап жатасыз?
-- Күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого утурлай, өлкөдө саясый абал кызып баратат. Негизи, партиялардын биригиши босого чекке байланыштуу. Мыйзам боюнча азыр босого чек тогуз пайыз, аны жетиге чейин түшүрүү аракеттери болуп жатат. Бирок, саясый лидерлердин жети пайыз менен деле өтүп келиши кыйын болот. Эгер босого чек үч же андан ылдый болсо, Алтынбек Сулайманов, Темир Сариев өз алдынча барышмак. Босого чек буларды айласыз биригүүгө түртүүдө. Ошондуктан, «Ата Мекендин» мурдагы лидери Алмамбет Шыкмаматов бийликке барыш үчүн аргасыз биригиши керек. Бизде партиялардын идеологиясына көп көңүл бурулбайт, бирок, сол тарап, кичине ортосу, оң тарап, анын ортосу сыяктуу классификация бар. «Бир Бол» оң тараптагы партия, ал эми Алмамбет Шыкмаматов сол тараптагы топтун өкүлү болчу. Сол тараптагылар социалисттер болот. Оң тарапта болсо, чөнтөгү калың, олигарх же ишкерлер тарап. Буга чейин сол, анан оң тарапты бириктирип, чоң күчкө айландыра алган КСДП бар болчу. «Ата Мекенди» сол тарапка кошсок болот, бирок, алардын арасында деле Айсулуу Мамашовага окшогон ишкерлер бар.
-- Дагы кайсы партиялар биригиши мүмкүн?
-- Мурдагы шайлоодо «Республика» менен «Ата Журт» биригип, элден көп добуш алып келген. Алар өкмөт башчы да чыгарышкан. Азыр да ошондой биригүүлөр зарыл. Керек болсо «Бир Бол» оң тарап болгондуктан, «Кыргызстан» партиясы менен биригип кетсе болот. КСДПнын курамындагы негизги бизнесмендер, башка ишкерлерден турган партиядан келишкен. Аларды 2010-жылдары Атамбаев тартып алган. Эгер азыр дагы оң тарап бир топко бириге алса, эбегейсиз күчкө ээ боло алышат. Азырынча сол тараптагы партиялардан «Ата Мекен» же «Жаңы Дем» болуп жатат. Эгер булар ошол эле «Чоң казатчылар» менен кошулса, мүмкүнчүлүктөрү кеңейет. «Биримдик» активдүүлүгүн көрсөтө элек. «Алар шайлоого катышса эле марага биринчи келет» дегенден алысмын. Катарына калкы көп аймактардан чыккан лидерлерди тартышса утушат. Анткени шайлоо бул саам деле инфраструктура жана добуш сатып алуу сыяктуу, эски технологиялар менен өтөт. Албетте, ар бир саясый лидердин электораты бар. Бирок, бир аймактан эки-үч аттуу-баштуу саясатчы чыгып калса, алардын арасында тирешүү орун алат. Мындай лидерлердин башын бириктире алган партия гана шайлоодо жеңишке жетишет.
-- «Ата Мекен» -- «Жаңы Дем» канчалык оппозициячыл күч дейсиз?
-- «Ата Мекен» -- «Жаңы Дем» өздөрүн оппозиция катары жарыялашты. Бирок, алар деле президенттин же өкмөттүн дарегине катуу сындарды айта алышкан жок. Учурда президентке карама-каршы чыккан Алмазбек Атамбаевден башка күчтү көргөн жокмун. Мурдагы өлкө башчысы жана Равшан Жээнбековго окшогон анын тарапташтары гана чыныгы оппозиция болуп жатышат...
Анархан Алтымышова
Aryba.kg











