Генералдарды жергиликтүү бийлик укпай койду. Соңку үмүт сизде, Садыр Нургожоевич!

КР президенти Садыр Жапаровго
Кайрылуу
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Ысык-Көлдүк жердешиңиз катары соңку үмүт менен өзүңүзгө кайрылып турам. Ысык-Көл районундагы Өрнөк айылынын тургуну катары мен соңку ондогон жылдардан бери аталган айылдагы “жер мафиясына” каршы күрөшүп, бул боюнча УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен башкы прокурор Курманкул Зулушевдин өздөрүнө гезит аркылуу кайрылгам. Эки генерал тең кайрылуумдан соң жеке өздөрү кабыл алып, датыма кулак салышып, маселени дароо Ысык-Көлдөгү жергиликтүү укук коргоо органдарына дайындашкан. Бирок, береги эки генералдын тапшырмасын Ысык-Көл районундагы жергиликтүү жетекчилер тоготуп да коюшпады. Сөздүн кыскасы, маселе көз жаздымда калды, эки генералдын тапшырмасы суу кечпей калганы ушубу?
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Менин датыма 5 мүнөт гана убактыңызды бөлүп койсоңуз, биздин айылдагы ондогон, жүздөгөн жаштардын көйгөйүн өзүңүзгө төкпөй-чачпай айтып берет элем. Менин көкөйүмдөгү арыз-муң жеке өзүмө тийешелүү эмес, айылдагы жалпы элдин, өзгөчө жаштардын көйгөйү экенин билдирем. Мен сизден жеке өзүмө байланыштуу эч нерсе сурабайм. “Жылаңач баатыр” катары элдин көйгөйүн көтөрүп келатам.
Гезит аркылуу кайрылуум сизге жетип калса, маселени эч качан тийешелүү же жергиликтүү жетекчилерге дайындабашыңызды суранам! Алар эч качан сизге чындыкты жеткиришпейт жана маселе чечишпейт. Убакыт өткөн соң унуткарып коюшат. Жеке өзүм Ысык-Көлдөгү жергиликтүү жетекчилерге ишеним артпайм. Сизден көптөн-көп суранарым, менин датымдан кабардар болсоңуз 5 мүнөткө гана кабыл алып коюуңузду өтүнөм. Эгерде кабыл алып калсаңыз, Ысык-Көлдүн Өрнөк айылындагы “жер мафиясына” чекит коюларына бөркүмдөй ишенем.
Сизге соңку үмүт менен кайрылган жердешиңиз
Эрнис Исабеков
Тел.: 0505-19-71-08
"Азия Ньюс" гезити