Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айнура Акматова: “Калкты 20%га чейин бекер эмдөөгө кошумча дозалар алынат”

Айнура Акматова: “Калкты 20%га чейин бекер эмдөөгө кошумча дозалар алынат”

30-декабрь, 23:33
1 712 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалынын башчысы менен маек.

-- Коронавирустун акыркы жумага алынган жалпы жагдайы тууралуу маалымат берсеңиз?

-- Коронавирус инфекциясы Кыргыз Республикасында 18-мартта биринчи жолу  үч адамдан табылып, дүйнөдөгү коронавирус чыккан 170-өлкө болуп калды.   

2020-жылдын 28-декабрына чейин Кыргыз Республикасында 80535 коронавирус учуру катталды. Анын ичинен 42225 лабораториялык тастыкталган жана 38310 клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталган учурлар. Акыркы бир сутканын ичинде (28.12.2020) 162 учур катталды жана 2 адам каза болду.

Баардык катталган 80535 адамдын 75057си бүгүнкү күндө айыгып чыгышкан. Соңку кезде медициналык көзөмөлдө 3225 оорулуу турат. Анын ичинен 1265и стационарларда жатып дарыланып атышат, ал эми 1960 адам үй шартында каралууда. 

-- Адатта вирусту оор кабыл алгандардын көпчүлүгүн кимдер түзүүдө?

-- Стационарларда жаткандардын арасынан 65 адам оор абалда, алар саламаттык сактоо мекемелеринде тийиштүү медициналык жардамдарды алып атышат. Коронавирус илдетин оор кабыл алгандар 65 жаштан жогору жаштагы жарандарыбыз, өнөкөт оорулар менен ооруган адамдар (жүрөк кан тамыр оорулары, кант диабети, ХБЛ ж.б.) жана иммунитети начарлар вирусту тез кабыл алышары айтылып келүүдө.

-- Ооруп айыккандар арасында башка оорулар күчөгөнү байкалган жокпу?

-- 75057 адам бүгүнкү күндө илдеттен айыгып чыгышкан. Бирок булардын арасынан башка бир илдеттин катталып аткандыгы боюнча маалымат түшкөн жок. Айтып кетчү нерсе, COVID-19 илдетинен айыккандар реабилитация процессинен өтүшү керектиги саламаттык сактоо министрлиги тарабынан айтылган. Себеби, коронавирус илдети жүрөк кан тамыр, бөйрөк органдарынын иштешине таасирин тийгизиши мүмкүн экендигин окумуштуулар айтып келишет. Бүгүнкү күндө КР саламаттык сактоо министрлигинин №649 буйругу менен (25.08.2020) COVID-19 жана постковид синдрому менен ооругандарды реабилитациялоо боюнча сунуш бекитилген жана КНИИКиВЛ COVID-19дан өткөн бейтаптарды артыкчылыктуу реабилитациялоо аныкталган.

-- Бул вирусту дарылоодо жаңы жылыштар болуп жатса керек...

-- КР саламаттык сактоо министрлиги жумушчу топ менен иштелип чыккан COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптарды дарылоо боюнча клиникалык протоколдун 4-версиясы иштелип чыккан. Азыркы учурда ооругандардын арасынан 93,1%ы айгып, үйлөрүнө чыгарылган.

-- Коронавируска каршы эмдөө тууралуу эмне жаңылыктар бар?

-- COVID-19 вакциналарын (GlobalAccess) жалпыга жеткирүүнү камсыз кылуу максатында COVAX механизмине катышуу үчүн вакциналар жана иммунизация боюнча дүйнөлүк альянстын (GAVI) катчылыгынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигине кайрылуу каты келип түшкөн. Алынган документтерге ылайык, дозанын көлөмү 3%ды түзөт, бул медициналык жана социалдык жардам көрсөтүүгө катышкан баардык кызматкерлерди камтууга жетиштүү болот. Калкты 20%га чейин эмдөөнү камтуу үчүн кошумча дозалар алынат. Бул этапта карылар, өнөкөт оорусу бар адамдар кириши мүмкүн. Бул вакцина бекер алынып келинет.

2020-жылдын 7-декабрында Кыргыз Республикасы COVAX Alliance GAVI механизминен коронавирустук COVID-19 инфекциясына каршы вакцина алуу үчүн техникалык колдоого өтүнмө жөнөткөн.

Мындан сырткары, Россия Федерациясы менен бул өлкөдө иштелип чыккан вакциналарды алып келүү боюнча дагы сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.


Мээрим Асанова

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер