Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эрнис Тилеков: “Таза эмес аба – майыптыкка чейин жеткирүүчү оорулардын булагы”

Эрнис Тилеков: “Таза эмес аба – майыптыкка чейин жеткирүүчү оорулардын булагы”

10-январь, 22:33
1 363 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кайрадан эле дүйнө жүзүндөгү кир шаарлардын алдыңкы сабына чыктык. Көпчүлүк эл санаага батууда. Жаңы конуштарда жана ТЭЦте сапатсыз көмүрдүн жагылышы, айрым жерлерде ар кандай калдыктар менен жылынгандар, миңдеген эски машиналардан булганыч түтүндүн чыгышы – Бишкек шаарын ышка чулгап салды. Улуттук онкология жана гематология борборунун жетекчиси Эрнис Тилековдон учурда Кыргызстанда каттоодо турган рак оорулары жана бул оорунун жаралышына булганыч экологиянын таасири тууралуу маектештик.  

-- Борбор калааны каптаган ыштын, булганыч абанын ден соолукка таасири тууралуу ой болүшсөңүз?

-- Бул ыш организмге сөз жок терс таасирин тийгизбей койбойт. Бирок, канча кыйкырганыбыз менен ыштан кыш бүтмөйүн кутула албашыбыз да белгилүү.  Көпчүлүк үй-бүлөлөр көмүр эле эмес, резиналарды, желим калдыктарды жагып жатышат. Кошуна-колоңдор менен урушканыбыз урушкан. Бирок коом өзү ойгонуш керек. “Эмне болсо ошо болсун” деген оокат болбойт. Биздин жаңы конуштардын баары газга өтмөйүнчө бул көйгөйдөн арылыш кыйын. Мындай көйгөйлөр көп чоң шаарларда бар. Көмүр жагууну азайтмайын ыштан кутула албайбыз. 

Мен да Ак-Өргө конушунда жашайм. Үйгө жеткенче дем алуум оорлоп, абанын булганычын сезем, кыйналам, бирок айла жок. Бул көйгөй менен күрөшүү үчүн ар бир адам, ар бир үй-бүлө өздөрүнөн башташ керек. Бирөөнү күнөөлөй берүүдөн маселе чечилбейт. 

Ыштын ден соолукка зыяны чоң. Рак эле эмес, өпкөнүн жана башка майыптыкка чейин жеткирүүчү оорулардын булагы. Улуу-кичүү дебей дем алган адамдын баарына сөзсүз зыяндуулугу бар. 

Башка өнүккөн өлкөлөрдө булганыч аба менен кантип күрөшүшөт? 

Пекин шаарында көмүр колдонууга таптакыр тыюу салынган. Ал эми Франциянын борбор калаасы Париж шаары бир учурда эң булганыч калаалардын катарына кирген. Алар автоунаалардын санын азайтууну пландашкан. Кезектешип унаа айдап чыгуу жолун ойлоп табышкан. Ошону менен бирге электр энергиясы менен жүргөн автобустардын санын көбөйтүшкөн.

Айрым шаарларда автоунаалардын санын азайтып, сергек жашоо образын, велосипед менен жүрүүнү адатка айлантышкан. Биз дагы бүгүнкү акыбалыбызга жол издейли...

 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер