Күйөөсүн ичкиликтен, кумар оюндарынан кайырган аялдын баяны

Беш убак намазын калтырбай окуган, өң-келбеттүү аялзаты Жараткандын буйругу менен ичкиликке жакын, анысы аз келгенсип, кумар оюнуна берилген адамга турмушка чыкты... Күйөөсү бара-бара ичкиликке өтө берилип кетти. Үй-бүлөсү менен таптакыр иши жоктой, өзүнө окшогондор менен күнү бою бирге болор эле... Ал үйүнө бир күнү да сoo келген учуру жок. Аялы болсо мындай жашоону сыноо катары кабыл алып, сабырдуулук менен балдарын багып, оокатын кылып, күн сайын Кудайдан түгөйүнүн оңолуп кетишин жана ичкилик деген балээден куткаруусун жалбарып тилей берчү. Ал кандай абалда, кайсы убакта келбесин, тамагын даярдап, анын кызгануудан чыгарган жаңжалдарынын баарына чыдачу. Күйөөсү деле аялынын жакшы адебине, кылган кызматына ыраазы болор эле, бирок көнгөн адатынын сормо сазынан чыгалчу эмес...
Бир күнү аялы күндөгүдөй эле абалда келип жаткан күйөөсүнүн тынчын албай, түнү ордунан акырын туруп, намазын окуй баштады. Арактан башы ооруган күйөөсү ойгонуп, аялынын ордун карады. “Бул кайда кетти?” деп шектене үйүнүн ар бир бөлмөсүн дабыш чыгарбай аңдып жүрдү. Аялы болсо бир бөлмөдө алакан жайып, көз жашын төгүп, Жараткандан суранып жаткан экен: “Эй кудуреттүү Кудайым! Сенин алдыңда алсыз колдорумду ачып, жалбарып суранам! Менин күнөөлөрүм болсо кечир! Сага көз жашымды төгүп жалбарам! Күн сайын сенин ыраазычылыгың үчүн окуй турган намаздарым жана төккөн көз жаштарым, сага болгон чексиз ыйманым өз алдыңда туура болсо, ушулардын кадыры үчүн уктап жаткан күйөөмдүн да күнөөлөрүн кечир! Ал күнөө иштеринен кайтсын! Жүрөгүнө ыйман сала көр! Оо улуу Жаратканым, менин тилектеримди кабыл кыл!” деп көз жашын төгүп жатты. Анын бул көз жаштары күйөөсүнүн жүрөгүнө ыйман нуру болуп жаркырады...
Аялын астыртан карап турган күйөөсү соолукту. Акыл-эсин жыйды. “Бул өңүмбү же түшүмбү?” деп, көптөн берки кара көк болуп аракка күйгөн бетин сыйпалады. Арына, намысына келе түштү. “Оо Кудай! Ырас, менде баары бар. Алты саным аман, жанымда жаркылдаган жарым, алмончоктой балдарым бар. Мага эмне жетпейт? А мен акмак... Акмак болуп жүргөн турбаймынбы! Кечирүүчү Кудай, мендей кулуңду кечир! Бүгүндөн баштап үй-бүлөм менен биргеликте сага карата кулдук милдетимди аткарам! Кечир, Жараткан!” деп чын ниетинен сөз берди.
Өзгөрүүгө ынанып, жакшы пейилдүү, чыныгы адеп менен жүргөн аялы күйөөсүн мээрим менен карады. Жаратканга чексиз шүгүрлөрдү айтып жатты. Ушундан кийин күйөөсү чындап эле оңолуу жолуна түштү. Көрсө, чыныгы ыклас менен тиленген тилек кээде бүтүндөй жашоонун өзгөрүшүнө себепчи болот окшобойбу...