Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бөдөш Мамырова: “Башмыйзамды каалагандай чоюп, ылайыктап жаза берген болбойт да”

Бөдөш Мамырова: “Башмыйзамды каалагандай чоюп, ылайыктап жаза берген болбойт да”

19-март, 10:48
781 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жаңы Конституциянын кабыл алынышына ар кандай күчтөр, бейөкмөтчүлөр каршы болушууда. Бул саясый демилге 11-апрелде баары бир референдум аркылуу кабылданабы? Эл колдойбу? Мыйзамдуулугу жагы кандай болот?

-- Чынын айтканда, Конституция шашылыш, чийкирээк болуп калды. Анткени, толуктоо кеңири масштабда жүргөн жок. Негизинен конституциялык кеңешменин иштеп чыккан варианты коюлуп атат референдумга. Ал эми Жогорку Кеңеш кайдыгер карап, кеңири талкууга катышууну түзө алган жок. Ырас, кеңири коомдук талкууга коюлуп, убакыт берип, мүмкүнчүлүк түзүлбөгөн соң, эл өкүлдөрү ийне-жибине чейин регламенттин негизинде 1-2-окуунун эрежелерин сактоо менен референдумга чыгарса болмок. Ал эми мыйзамдуулугунда дагы мүчүлүштүктөр бар. Мисалы:

1. Биз колдонуп аткан, жакында эле президент колун коюп ант берген Конституция жаңы Конституцияны кабыл алууга жол бербейт. 

2. Мөөнөтү бүткөн Жогорку Кеңештин Конституцияны референдумга чыгаруу боюнча мыйзам кабыл алганга укугу жок. Анткени, так, даана жазылып турат, Конституцияда качан мөөнөтү бүткөнү. Түзүлгөн кырдаалга жараша ыйгарым укуктары бар, бирок Конституцияга байланышкан мыйзамды кабыл ала албайт. Андай нерсе эч жерде көрсөтүлгөн эмес. Ошондуктан, колдонуудагы Конституция менен президент шайланды. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп жатат. Же эмне, референдумдан кийин жаңы Конституция боюнча кайра шайлоо болобу? Ушул жагы да бир топ күмөн санатат. Албетте, мыйзамдуулугун бир жерине кыпчып жазып коюшту, бирок Башмыйзамды каалагандай чоюп, ылайыктап жаза бергенге болбойт да. 

Колдонуудагы Конституцияга дагы нааразычылык көп. Себеби, бир адамды элестетип алып, ошого ылайыкташтырып жазылып калган дешет. Дурус өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизип, жаңы башкаруу системасынын негизинде бийлик бутактарынын тең салмактуулугун сактоо менен милдеттери, жоопкерчилиги аныкталып, так көрсөтүлүшү керек болчу. Тилекке каршы, бул жолу дагы бирөөгө арналган Башмыйзам болуп калды окшойт. Эми референдумга чыкканда эл кандай колдойт – жыйынтыгын көрөбүз да. Менимче, өтүп кетет. Анткени көпчүлүктүн эмне өзгөрүү болгону, алтургай Конституциянын добушка коюлуп атканы менен деле кеңири кабары жок. Президенттик башкарууну колдойбуз дегендей эле эйфория менен колдоого алынып кетет. Дагы бир чындык: коомчулук бейөкмөт уюмдар активдүү каршылык көрсөткөн иш-чаралардан тажап, аларга болгон антипатия күч болгондуктан, аларга каршы туруу маанилүү болуп турат. 

-- Жергиликтүү жана шаардык кеңештердин шайлоолоруна отузга жакын партиялар аттанышты. Жакырчылык, кымбатчылык күчөп бараткан шартта саясый активдүүлүктү кандайча чечмелейсиз?

-- Жергиликтүү кеңештерге шайлоо кырдаалга жараша бир жылдан кийин өтүп атат. Бишкек менен Ош шаардык кеңешке шайлоо курч мүнөздө өтчүдөй болуп турат. Шайлоодо ат салышкандардын көздөгөнү да ушу эки шаардык кеңеш десек болот. Анткени жеңүүчү же коалиция түзө турчу добуш алган партиядан мэр шайланат. Мында негизинен Жогорку Кеңешке аттангандай эле акчалуулар менен мурун депутат болуп даам татып калгандар ат салышууда. Атаандаштык, албетте, күчтүү. Ал эми шайлоо активдүүлүгү да башка жерлерди эске албаганда, эки шаарда бир топ эле кызуу болот го. Каатчылык болуп, азык-түлүккө болгон баалар асман чапчып турганда, шаар тургундары көйгөйлөрүн ачыктап алышат. 

-- Учурдагы бийликтин кадр саясаты купулуңузга толобу? Негизги сын-пикирлер да ушул өңүтүнөн айтылууда. Сизде кандай сунуштар бар?

-- Жок, кадр саясаты көңүлдөгүдөй чечиле элек. Тактап айтсам, күчтүү, кесипкөй кадрдык өзгөрүү болуп, профессионал команда түзүлө элек. Көшөгө артында жоопкерчиликти албаган, бирок таасирдүү бир группа иштеп атат. Мүмкүн референдум өтүп, Жогорку Кеңеш жаңыланса, кардиналдуу өзгөрүү болоттур...

-- Азыркы бийлик оппоненттерине куугунтук жасап атабы? 

-- Ушул “куугунтук” деген термин көкөйгө көк таштай тийди. Улам бийлик алмашкан сайын эле айтылып атып, тамтыгы деле калбады. Бирок, айтпай койгонго дагы болбой турат. Оппоненттерге карата куугунтук болбосо дагы, иргелген, тандалма каралоо, кармоо, отургузуу болуп атат. “Коррупция” деп тема коюп алып эле бутага илингендерди тыга салып, үч күндөн кийин чыгара коймой көрүнүш коомчулукту күмөн ойго түртүп, жакшылыкка болгон табитти бузуп турат. 

-- 15-мартта УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге барып, эл менен жолугушту. Чек ара маселесин чечүүдө керек болсо, Кыргызстан аркылуу Тажикстанга өтүп аткан товарларды токтотуу жолу менен сүйлөшүүгө даяр экенин айтты. Бул пландалган сөзбү же?.. Эки мамлекеттин ортосунда чатак чыгып кетпейби?

-- Ооба, Камчыбек Ташиев Баткенде бир топ орчундуу дагы, кооптуу дагы сөз сүйлөдү. Алдын ала ойлонулган, же болбосо планда бар сөздү айтты го деп ынанып турам. Себеби, ал сөз катардагы чиновниктин эмес, атайын кызматтын башчысы, тагыраак айтканда, УКМКнын жетекчиси, генерал-лейтенант Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичтин оозунан чыгып атат. Чынында чек ара маселеси өтө оор бойдон турат. Билинген дагы, билинбеген дагы оор жагдайлар бар. Ошол тараптан алганда Ташиев дагы бир тактиканы колдонуп аткандай. Албетте, кошуналар менен тынч жашаган жакшы. Бирок тынчыбай атканда тактика колдонуу атайын кызматтардын иш-чарасы го? Экинчи тарап дагы ойлонуп, жыйынтыкка келиши керек да, жакшы эле кабар катары кабыл алалы..


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер