Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Идеологияны театрлар жүргүзөт” деген жалган түшүнүктөн качан арылабыз?

“Идеологияны театрлар жүргүзөт” деген жалган түшүнүктөн качан арылабыз?

21-сентябрь, 20:59
1 415 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Акылмандарыбыз” идеологиянын баш-аягын таппай кыйналгандай түрү бар. “Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” программасын баштап коюшуп, конкреттүү пландары ушу күнгө чейин белгисиз. Илгертен кыргызды улут кылып келген “Манас” баш болгон көөнөрбөс мурастарыбыз болгон. Ошол океандай бай мурасты изилдөө, элге кеңири жайылтуу маселеси да оңчулуктуу чечилген эмес. Эпостордун академиялык басылыштары илимпоздор үчүн аз нуска менен чыкты, ал эми мектеп программасына ылайыкталып, балдар үчүн жасалгаланып, боёлуп, массалык тираж менен чыга элек. “Идеологияны театрлар жүргүзөт” деген жалган түшүнүк менен жүргөн маданият министри Кайрат Иманалиев ушул океандай болгон көөнөрбөс руханий мурастарыбызды колго алып, кийинки муунга жеткирүү да идеологиянын негизги булагы болуп саналарын билиши абзел. Мунун ачык мисалы, кытайлар көчмөндөр менен согушта эрдик кылган баатыр кыз Мулан тууралуу легенданын негизинде балдар үчүн мультфильм жана көркөм тасма тартышып, калың элге тартуулашпадыбы. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер