Коркутуулардан улам аалымдар кеңеши муфтийди шайлоону эки айга жылдырды
Муфтийди шайлоо үчүн өтүүчү Кыргызстан мусулмандарынын кезектеги VII курултайы 29-майга жылдырылды. Мындай чечим аалымдар кеңешинин чукул жыйынында кабыл алынганын уюмдун маалымат кызматы кабарлады. Чукул жыйын кечээ, 30-мартта өткөн.
“Муфтийдин, аалымдар кеңешинин мүчөсүнүн жана борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат орундарына талапкерлерди тандоо эки айга жылдырылган. Бул кызмат орундарга аттангандардын тыюу салынган диний уюмдарга тийешеси бар-жогун тактоо, айрым талапкерлердин жогорку билими боюнча документтерин кылдат текшерүү көп убакытты талап кылууда. Мындан сырткары, чагымчыл тараптардын мусулмандар үчүн маанилүү болгон курултайды бузууга жасаган аракеттери жыйынды жылдырууга негиз болду” деп айтылат маалыматта.
“Спутник кж”