Илимпоздор жерде жаңы муз доору башталышы мүмкүн экенин эскертишти

Антарктидадагы муздун эриши жерди жаңы муз дооруна алып келүүчү чынжырлуу реакцияны жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу Daily Mail Кардифф университетинин изилдөөчүлөрүнө шилтеме берүү менен ачыктаган маалыматына таянып, “Барометр” жазып чыкты.
Илимпоздор эрип жаткан айсбергдер акырындык менен Атлантика океанына таза сууну пайда кылып жатканын айтты. Бул процесс океандын айлануусундагы өзгөрүүлөрдү пайда кылат, ал өз кезегинде жердин климатынын кескин муздашына алып келет.
Изилдөөчүлөр айсбергдердин мындай темпте эриши акыркы 1,6 миллион жылда ар бир муз доорунун башында болгонун аныкташты.
Буга чейин, илимпоздор муздун эриши жана глобалдык жылуулуктун башка кесепеттери дүйнөлүк океандын деңгээлинин бара-бара көтөрүлүшүнө алып келүүдө, келечекте жээкке жакын аймактарды суу каптоо коркунучу бар экенин эскертишкен.