Акыркы кабарлар
» Саясат » Жалил Атамбаев камакка алынды
Жалил Атамбаев камакка алынды
03-март, 19:32
1 161 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌ИИМдин мурдагы кызматкери Жалил Атамбаев камакка алынды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Жалил Атамбаевге бир катар кылмыш иштер, анын ичинде “мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз байыган” деген факты боюнча иш козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө Жалил Атамбаевдин олуттуу каржылык булактарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрүн жакын туугандарынын атына каттатып алганы аныкталган. Мындан улам ал Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (“Мыйзамсыз баюу”) менен кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.