Акыркы кабарлар
» Коом » Камчыбек Ташиевди колдогондор эл арасында азайбаганы таңгалдырууда
Камчыбек Ташиевди колдогондор эл арасында азайбаганы таңгалдырууда
06-май, 18:09

“Кемпирабадчылар”, “фейк фабрика”, беш жыл бою “кустурууга” кабылгандар, айтор, баардык душмандары жабылышып, канчалык Камчыбек Ташиевди каралоого алышпасын, анын саясый рейтинги карапайым калк ичинде түшүп кетпей, тескерисинче, көтөрүлүп баратабы? Талаш-тартыш жараткандар, эки анжы ойго кабылгандар деле бар дечи. Бирок көпчүлүк катмар Ташиевден үмүт үзүшпөй, базарларда, мечиттерде, тойлордо, куран окуткан жерлерде, кыскасы, элдин башы бириксе эле ага карата колдоо пикирлер айтылып атат го? Таңгалычтуу. Ооматы артып, калк назарынан кала элекпи? Эгерде ал катуу кайрылуу жасап чыкса эмне болот? Күздү күтүп атабы? Саясатың сымап сымал кылтылдап турат эмеспи... Эмесе, баам салып, акыл пештей туралы.










