Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адылбек Касымалиев “саякатчы бакадан” бешбетер улам бир өлкөнү кыдырууда

Адылбек Касымалиев “саякатчы бакадан” бешбетер улам бир өлкөнү кыдырууда

10-август, 00:05
5 387 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акыркы убакта өкмөт башчы Адылбек Касымалиев “саякатчы бакадан” бешбетер улам бир өлкөнү кыдырып, расмий сапарлардын катыгын берүүдө. Эгерде Кыргызстан үчүн пайдалуу иштерди жасап жатса мактоого арзыйт, балким жөн эле учуп жүрсө, аба майданына миллиондорду коротуп жатса, анда айла жок. Мурдагы көп премьерлердин кетирген катачылыктары катары бааланат. Эң кызыгы, Адылбек Касымалиев аткаруу бийлигинде президенттен кийинки экинчи фигура. Бирок анын орду жоктой сыпатталып атат го? Мисалы, пиар кампаниясы деле ойдогудай эмес, эмне иштерди бүтүрүп жатканы боюнча деле толук кандуу маалыматтар берилбегени кандай? Бул киши саясый амбициясыз, “кол бала” сыңарындай буйрукту жасайт, элпек. Мындайча айтканда, “кой оозунан чөп албаган” жарыктык киши... Кандай болгон күндө да, өкмөт башчылык ордун сыйлап, жасаган жумуштары боюнча кол астындагылары реалдуу маалыматтарды берип коюшпаганы да таңгалдырат. Эл, коомчулук Адылбек Касымалиевдин ишмердигин билгиси келет эмеспи. Өзүн баркташпаса да кызматын баалап, басмырлабай көтөрмөлөп коюшса не?..  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер