Акыркы кабарлар
14:12
» Саясат » Камалгандардын жарымынан көбү эркиндикке чыкса эп болот эле
Камалгандардын жарымынан көбү эркиндикке чыкса эп болот эле
08-ноябрь, 19:43


Жапырт камоолор боюнча коомчулукта ар башка кептер айтылууда. Кандай болгон күндө да бийлик кең пейилдигин, айкөлдүгүн көрсөтүп, саясатчы, активисттердин баш коргоо чараларын өзгөртүп, гумандуулукка баруусуна тилектешпиз. Аз убакыттан бери түшүнгөндөй деле болдук. Камалгандар элди толкутуп, коркунуч жасоого аракеттери деле жок экен. Даярдыктарына да ишенген жокпуз. Баягы эле жел сөздөр. “Саман учту десе, Самарканд өрттөнүптүр...” деген икаяны эске салат. Албетте, биз соттук иштерге кийлигише албайбыз. Бирок камалгандардын жарымынан көбү эркиндикке чыгышса жарашмак. “Сабак болду” деп, эл деле туура көрмөк...
"Азия Ньюс" гезити











