Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садыр Жапаровду каралаган Абдил Сегизбаевдин эки жүздүүлүгү

Садыр Жапаровду каралаган Абдил Сегизбаевдин эки жүздүүлүгү

26-ноябрь, 18:06
2 533 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кечээ эле саясый репрессиянын баш сабында жүргөн Абдил азыркы кыйчалыш заманда саясатта өз ордун тапканга шымаланыптыр. Кой-Таш дагы ага ставка жасап жаткандай... 

Акаевдин пресс-катчысы болуп жүргөндө, март ыңкалыбынын алдында Абдил Сегизбаев “революция кылууга эч кандай шарт жок”, “Атамбаев баштаган оппозиция маалыматтык терроризмди колдонуп келе жатат”, “Батыштын оюнчуктары”, “Митингчилер наркобарондор менен тыгыз байланышы бар” деп оппозицияны сындап келген болчу. Ал сөзү үчүн кабинетинен ачууланган жаштардан тепки жеген. Ошондон кийин Атамбаев аны өзүнө тартканына таңгалып жүргөм. Көрсө, Атамбаевдин бир тууган кайниси турбайбы?! Кландык башкаруудан Атамбаев да аягына чейин арыла албаптыр. Эми болсо Атамбаевдин обонун созгон “Апрель” телеканалы аркылуу Абдил байма-бай Садыр Жапаровду каралап жатып калды. Ал буга чейин өзү сөз эркиндигин муунткан адам экенин бир заматта унутуп калгандай...   

Орус тилдүү журналист Рина Приживойттун сөзү боюнча Абдил Сегизбаев пресс-катчы болуп турганда дубалга оппозициялык журналисттердин аттарын жазып, аларга кандай катаал чара колдонуш керектигин графика менен жазып чыккан.

Ошентип 2010-жылга чейин Сегизбаев тынчыйт. Анан эле 7-апрелдеги ыңкылаптан кийин жездеси Атамбаевдин колтугуна кайра кирет. Башында президенттин кеңешчиси катары эң кир, балит иштерге жоопкерчиликтүү болот. Бул кызматта ал бир нече гезиттерди ачат, “троллдор фабрикасын” ишке киргизет, маалыматтык сайттарда комментарий жазганга жаштарды жалдайт. Максаты – оппозицияны боктоо, көз карандысыз журналисттерди жамандоо, бейөкмөт уюмдарды чыккынчы катары көрсөтүү. 

Андан тышкары, ал КТРК, ЭлТР, “5-канал”, “Пирамида” сыяктуу телеканалдарга кимди кандай жамандап, Атамбаевди кантип көкөлөтүш керектигин өзү көрсөтмө берип турган. Мунун баардыгы тең мамлекеттик казынадан жана көз каранды олигархтардын акчасынын жардамы менен жүргүзүлүп турчу. Ошол эмгеги үчүн Атамбаев аны башында УКМКнын орун басары, андан кийин бул олуттуу органдын төрагалыгына дайындайт. Ошол учурдан баштап Абдил Сегизбаев мыйзам эмне экенин унутуп коюп, оппозицияга саясый куугунтук жүргүзүп, сөз эркиндигин муунткан. Саясый репрессияга дуушар болгондор – Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Бекболот Талгарбеков, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Канат Исаев... Тизмени дагы көпкө улантса болот. Ошондуктан тез арада ага укуктук баа берилип, жазага тартылышы керек. Жаңы бийлик жарыялаган люстрация так ошол Сегизбаевден башталыш керек! Андыктан, анын камакка алынышы – элдин да, мезгилдин да талабы! 


Адил Турдукулов 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер