Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Темирлан Султанбеков тарапташтары менен бийликке таканчык берди...

Темирлан Султанбеков тарапташтары менен бийликке таканчык берди...

12-февраль, 21:08
877 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

ТЭЦтин жарылуусунан кийин саясый күчтөрдүн жаакташуусун байкай алдык. Мисалы, бүгүнкү бийликти жактагандар менен атамбаевчилердин араздашуусуна токтололу. Эки тараптагы айрым саясатчылардан баштап, журналист, блогерлерге чейин айтышты. Бири-бирин күнөөлөшүп, айыптууларды издеп жатышты. Эл астында упай алыш керек да. Бир чети күлкүң келет экен. Коомчулукту алаксытып, ушундай кайым айтышуулар керекпи? Натыйжада, Алмазбек Атамбаев президенттик кызматтан кеткенине алты жылдан ашса да, саясаттагы таасири сакталып калган окшойт. “Социал-демократтардын” лидери Темирлан Султанбеков партиялаштары, тарапташтары менен бийликтин пиарщиктерин сестентишип, өздөрүнүн аргументтерин жарыялап турушту. Баягы эле ТЭЦтин айланасындагы ызы-чуулар боюнча. А мунун түпкүрүндө, “социал-демократтар” уюшкандыкта бийликке таканчык беришип, келечекке карай күрөшчүл маанайын көрсөтүп коюшту. Бул да коңгуроо. Азырынча Темирлан Султанбеков гана ишке жарап, саясый жөөлөшүүдө дымагы бар экенин байкатууда... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер