Депутат Алишер Козуев адам өлүмүн кор кылып, кутура береби?

Жогорку Кеңеште Алишер Козуев деген көпкөлөң депутат бар. Билими, тажрыйбасы деле анчейин эмес. Тек гана акчанын күчү менен дердейип, 150 миң долларлык BMW тепкенине маашырланып жүрөт. Бул депутатка караштуу Ошто “Россия Нефть” ишканасы күжүлдөп атыптыр. Улуп-жулуп алган гектарлаган жерлерден сырткары ушул жактан миллиондорду жеке чөнтөгүнө түшүрөбү? Убагы келгенде салык жашырганына, дегеле баарына жооп береби? Эми мындай шек санаткан суроолорду бере берсек, кеп арбыйт.
Эмесе, негизги трагедияга токтололу. Ушул жылдын 19-мартында “Россия Нефтте” электрик болуп иштеген Нарынбек Мурзаканов аттуу жаран токко урунуп каза болот. Алишер Козуев жана анын жакындары бул өлүмгө маани беришпей, маркумдун туугандарына жардам кылбай коюшат. Аргасыздан арыз жазылат. Бул жагын да басып коюшат. Кун кууйт да, туурабы? Акыры тийешелүү органдар кырсыкка ишкананын күнөөсү көбүрөөк экенин ырастап, 1 миллион 200 миң сом компенсация төлөп берүүнү милдеттендирет. Мындай чечимден кийин депутаттын иниси Семетей беш баланы ээрчитип барып, каза тапкан Нарынбектин жакындарын коркутуп-үркүтүшүп, сабашып, баса беришкени кандай? Акчага таянуу менен эле алсыздарга кордук көрсөтө беришсе, укук коргоо органдары тымпыйып отурушса, биз кайсы заманда жашап атабыз? Эй, булардан зулум, мыкаачылардын ташталканы чыккан убагында, андайлар о дүйнөгө өтүшкөнү белгилүү. Арыдан бери болушпайбы? Кыскасы, Алишер Козуев акылына келбесе, аягы аянычтуу бүтөрүн эскертип коймокчубуз...
"Азия Ньюс" гезити