Акыркы кабарлар
» Коом » Марат Жанталиев 59 жашында көз жумду
Марат Жанталиев 59 жашында көз жумду
09-июнь, 18:30
1 326 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Белгилүү актёр, КР эмгек сиңирген артисти Марат Жанталиев көз жумду. Бул тууралуу Sputnik-Кыргызстан маалымат агенттигине анын кесиптештери кабарлады. Айтымдарында, актёр буга чейин ооруп жүргөн. 59 жаштагы талант ооруканадан үзүлгөн.
"Бопуш" деген ат менен таанымал болгон актёр, куудул Марат Жанталиев Нарын облусуна караштуу Кара-Кужур айылында туулган. Ал Москва шаарындагы кинематографиялык институтту бүтүрүп, бир катар тасмаларда роль жараткан. Көп жылдардан бери Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында эмгектенип келген. Марат Жанталиев Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай" тасмасында Саякбай манасчынын образын да жараткан.