Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кадыр түндү кантип тосуу керек?

Кадыр түндү кантип тосуу керек?

19-май, 15:52
1 611 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

1. Кадыр кечесинде ар ким мүмкүнчүлүгүнө жараша намаз окуусу керек;

2. Куран окуй алгандар куран окуп, окуй албагандар аны угуусу керек;

3. Көп дуба кылуу керек.Айша энебиз пайгамбардан (саллаллаху алейхи ва саллам) "Оо, Алланын элчиси, мен Кадыр кечесин таап калсам, кантип дуба кылайын?" деп сураганда, пайгамбар "Аллахым, сен кечиримдүүсүң, кечиргенди жакшы көрөсүң, мени да кечир" деп дуба кыл деген;

4. Куран аяттарын, хадистерди жана башка диний маалыматтарды угуу керек;

5. Өткөн күнөөлөргө тобо кылуу керек;

6. Алланы зикир кылуу керек;

7. Өзүң жана өткөндөр үчүн дуба кылуу керек.


Кадыр түндө эмне кылганга болбойт?

1. Көңүл ачуучу жайлардан тосконго, ичимдик ичкенге болбойт;

2. Кадыр түндө ушак айтып, жаман сөз сүйлөшпөйт. Телевизор көрүүгө болот, бирок, анда шариятка тийешелүү баяндарды же тарбиясы бар маанилүү тасмаларды көргөнгө гана уруксат. Ал эми башка маанидеги берүүлөрдү көрүүгө тыюу салынат.

3. Кадыр түндү дос-тааныштардын баарын чогултуп алып шаан-шөкөт кылып ырдап-чоордоп өткөрбөйт. Буга ислам дини жол бербейт. Андан көрө ошол эле жоро-жолдоштор менен ак дасторкон четинде баяндарды айтып отурса сообу көбүрөөк тийет. Бул тууралуу “Супер кж” жазып чыкты.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер