Министр Бейшеналиев “гүленчи” катары Эрдогандын “кара тизмесине” илинди беле?
Өткөн жылы ушул убакта Ош университетинин ректору Каныбек Исаковду билим берүү министри кылып дайындашкан. Ошондо профессор Жолборс Жоробеков аны мактап жазды эле. Эл ага ишенип, министрден көптү үмүттөнгөн. Бирок, ал үмүт акталган жок. Быйыл анын бир жылдык ишине баа берип, андай деле эч нерсе кыйратып жибербегенине күбө болдук.
Эми болсо жаңы дайындалган билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев “Марал” радиосуна берген интервьюсунда: “Буга чейинкилердин эрки жетпей келди. Менин даяр программам бар. Тез эле реформа жасап жиберем” дегендей айтты. Экс-министр Каныбек Исаков мындан да көп иштерди убада кылганын, бирок анын бири да аткарылбай, кагаз бетинде калганын Алмаз мырзанын эсине сала кетели.
Эми Алмаз Бейшеналиевдин колунан бир нерсе келеби? Нарын университетинин англис тили бөлүмүн аяктаптыр. Ошол чет тилин билген үчүн Германиядан тил үйрөнгөн курстан окуптур, магистратурадан билим алыптыр. Анан эмгек жолун өз адистиги боюнча эмес, ишкерликтен баштагандан тартып суроо жаратат. Польшадагы униеверситеттин чет тилдер институнуна бир жыл директор болгону, Түндүк Айова университетине, андан кийин Джон Хопкинс университетине профессор болуп барганы күмөндүү суроо жаратат. Эмгек жолун баштаган он үч жылдын ичинде Алмазбек Бейшеналиев он жолу иш которгон. Бир жерге байыр ала албаган кишиден бир нерсе үмтөтүүгө болобу? Анан да аны окумуштуу катары илимий чөйрө билбейт экен. “Колго ала турган илимий эмгектери жок” деп айтышууда. Илимий-педагогикалык тажрыйбасы жок бир чиновникти чет тилин билген үчүн министр коюшканы акылга сыярлык ишпи? Баса, бул радикалдуу түрктөр менен иштешип, “гүленчи” катары Эрдогандын “кара тизмесине” илинди беле? Күлү бир жерге додо болбогон чет тилчи билим берүү тармагын бүлүндүрүп кетпейби?..
"Азия Ньюс" гезити