Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бермет Барктабасова: “Индия – жугуштуу оорулар мекени болуп, санитардык абал сакталбайт”

Бермет Барктабасова: “Индия – жугуштуу оорулар мекени болуп, санитардык абал сакталбайт”

10-сентябрь, 12:38
1 786 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

--“Индияда жаңы оорудан мынча адам каза болду” деген маалыматтар байма-бай чыгып калууда. Бул маалыматтарга көз карашыңыз кандай? Бизге коркунучу жокпу? Жугуштуу дарттардан кантип сактанган оң?

-- Индия – бул өтө чоң мамлекет. Учурда 1 млрд. 300 миңдей калкы бар. Бул гигант, калк жыш жайгашкан өлкө. Ошон үчүн Индиянын айрым штаттарында али күнчө таза суу ичүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок. Алардын салты боюнча каза болгон адамдарды өрттөп салышат. Бул өтө кымбат ритуал. Индиянын жакыр штаттарында сөөктү толук өрттөбөй, деңизге ыргытышат.

Индия өлкөсү башынан эле түрдүү оорулардын булагы болуп, ар кыл оорулар   жайылып келгени маалым. Жугуштуу оорулар, микробдор, мите курттар мекени болуп, санитардык абал сакталбайт. Азыркы учурда ар бир абалга дыкат мамиле кылуу зарыл болуп турат. Индиядан чыккан коронавирустун “дельта штаммы”, “индия штаммы” деп айтылып, коркунучтуулугу, жугуштуулугу, эрте өлүмгө  учурата турган кооптуулугу менен коркутту. 

Бул мамлекеттин кайсы бир шаарында, штатында, жеринде оорулар катталса, ал баардык өлкөдө эмес. “Индияда адамдар жолдо өлүп жатат, өрттөөгө шарт жок” делген жерлерде жакшынакай эле жашоо уланууда. Абалды жөн гана маалымат менен курчутушту.

Чынында эле түрдүү оорулар, микробдор дүйнөнүн бүт өлкөсүндө бар. Бизде да бар. Ковид өтө жугуштуу оору. Бир адамдан бир адамга тез жугат. Эгер дарттын жаңы штаммы пайда болсо, дүйнөнүн баардык жагына жайылат, Бразилия, Британия, Кытай болобу, өлкө тандабайт. Эл баары бир аралаша берет.

Дары, вакцина жок болсо, аралыкты сактап, адамдар бири-биринен алыс болгону оң. Канчалык алыс болсо, ошончолук жугуу мүмкүнчүлүгү аз. Андыктан, биринчи аралыкты сактоо, жеке гигиена керек. Дайыма колду самындап жууп, беткап тагынган оң. Мамлекет таза суу менен камсыздап, имараттарда, айрыкча бейтапканаларда, эл жыш жүргөн мекемелерде таза абанын сакталашына шарт түзүүсү өтө зарыл. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер