Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төлөнбек Абдыров: «Пандемиянын айынан бюджетке милларддаган сомдор түшпөй калды»

Төлөнбек Абдыров: «Пандемиянын айынан бюджетке милларддаган сомдор түшпөй калды»

05-октябрь, 18:16
1 508 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экономика илимдеринин доктору, профессор менен маек.

-- 2022-жылдын бюджети карала баштады, анда чыгаша кирешеден көп экени көрсөтүлгөн. Кайсы тармактан салыктар түшпөй калды? 

-- Азыр жаңы бюджеттин киреше бөлүгү 203,5 млрд. сом деп, чыгашасы 212 млрд. 700 миллион сом болуп жатат. Ортодогу айырма 9 миллиарддан ашат экен. Күтүлгөндөй эле дагы чыгаша көп болду, бул бир канча жылдан бери келаткан көрүнүш. Кирешеси чыгашадан көп мамлекеттерде өндүрүш, айыл чарбасы өнүккөн болот. Бизде акыркы жылдары экономиканын структурасы өзгөрүп кеткен. Маселен, эгемендикти алар алдында айыл чарба 32 пайызды, өндүрүш 27 пайыздан ашык, курулуш тармагы 7,5 пайыз, тейлөө ИДПнын 33 пайызын түзчү. Бүгүнкү күндө айыл чарба продукциясын чыгаруу тармагы болгону 12 пайызды көрсөттү. Өндүрүш 18 пайызга келген. Мында Кумтөрдөн түшкөн кирешенин эсебинен эле көп көрүнүп турат, болбосо өндүрүш деле аз. Курулуш 10 пайызга чейин өстү, ал эми биз пайда көрүп жаткан бул – тейлөө тармагы болуп калды. Ал жактын кирешеси 50 пайыздан ашып кеткен. Пандемия учурунда өзүбүз күбө болгондой тейлөө эң көп жабыр тарткан сфера болду. Мейманканалар, туризм, соода-сатык – баардыгы жабыркады. Ушунун эсебинен бюджетке милларддаган сомдор түшпөй калды. 

-- Бюджеттин тартыштыгын сырттан келген каражаттардын эсебинен толтуруу пландалып жатканы айтылууда, башка булактар жокпу?

-- Азыркы бюджеттин чыгашасы менен кирешеси былтыркы жылга салыштырмалуу 25 пайызга көп деп көрсөтүлдү. Кийинки кадам муну толуктоо маселеси. Экономика жана каржы министрлиги казынаны салыктар менен толтурууну сунуштады. Адис катары мен дагы муну туура кадам деп эсептейм. Көп учурда ички булактар жок болгондуктан, бюджетти сырттан келген каражаттар менен толтуруу аракеттери көрүлөт. ЕАЭБдин алкагында 2014-жылдан бери  санариптешүүгө өтүп жатабыз. Мында ишканалардын көпчүлүгүнүн иш кагаздары, аракеттери ачыкталып, ушунун эсебинен көмүскөдөгү акчалар, салыктын көлөмү өсүшү мүмкүн. Мисалы, жарым жылда профицит бюджет 500 миллион сом чыкпадыбы. Мына ушул акчалар санариптештирүүнүн натыйжасы болуп эсептелет. Мындан тышкары, президенттин чакан жана орто ишкерчиликти колдоо боюнча жарлыктарынын дагы пайдасы чоң. Ошол эле учурда салык кодексинде дагы прогрессивдүү көрүнүштөр бар. Маселен, мурда төлөнүп жүргөндөй 3-4 салыктын түрүн бир түргө бириктирүүнү атасак болот. Камсыздоо салыгы 17 пайыздан 10 пайызга түштү. Чынында бийлик бизнестин үнүн угуп, документтерге өзгөртүү киргизгени жакшы көрүнүш. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер