Тилекмат Күрөнов оппозицияны жаман көрсөтүп, булгап салды

Конструктивдүү оппозиция демократиялуу ар бир мамлекетке керек. Анын ичинде Кыргызстанга дагы. Тилекке каршы, бизде Акаев, Бакиев режимдерине каршы чыккандай бирдиктүү, күчтүү оппозиция куралбай атат. Ооба, түрмөдө Равшан Жээнбеков баштаган жаш лидерлер отурушат. Бирок алардын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, камакта, айла жок да...
Ал эми коомчулукка назар салсак, бийликти сындаган саясатчылар чачкын, көпчүлүгү тар чөйрөдө төш кагышып, катуу сүйлөшкөнү менен ачыкка чыга алышпайт. Камалып кетүүдөн коркушат. Мындай жагдайда “өрдөк жокто чулдук бий” демекчи, АКШга качып кеткен Тилекмат Күрөнов аттуу активист маалы менен видео кайрылуу жасап, Фейсбукка пост жазып, төңкөрүшкө чакырык жасаганы, радикалдуу ашынган ой-пикирлерин ашатканы белгилүү. Албетте, акыл-эстүү адамдар бийликти күч менен басып алууну, согушту колдошпойт. Негизи идеялардын жарышынан, аргументтүү сын-пикирлерден аттап өтүү, ашкере далбастоо канчалык ийгилик жаратат? Эч кандай! Ошол Тилекматтын жүрүшү дубалды сүзгүлөп, майнапсыз жорукка барганы, аныгында, оппозицияны көпчүлүккө жаман көрсөтүү да, туурабы? Жугунду төгүүнүн деңгээлиндеги пиардын келечеги жок. Асыресе, ызырынып, кыжынуу жана орой сүйлөөнүн түпкүлүгү – психикалык алсыз абалды чагылдыруу эмеспи? Мурдунан алысты көралбаган кыска ойлуулук...
Кыскасы, Тилекмат Күрөновдун соңку кыйкырыктары, “төңкөрүш кылам” деген урааны, дегеле сабатсыздыгы менен чыныгы оппозициялык маанайды булгап салды. Бийликке пайда, упай жараткандай. “Бок кармаган колун аябайт” дегендей, булганычтуу аракеттери, иренжиткен сөздөрү тойгузуп жиберди. Дөөпөрөстүктүн да чеги болуш керек го?..