Күйөөмдүн сабаганынан да кемсинткени, мазактаганы жүрөгүмдү оорутат...
Акыркы күндөрү кимге арманымды айтууну билбей калдым. “Бир туугандарыма айтайын” десем, баары өз турмуштары менен алек болуп кетишкен. Ал эми апамдан болсо жашоомдо болуп жаткан окуялардын көбүн жашырып коем. Ичиме арманым батпай кеткенде баарын ыйлап, бакырып айтып бергим келет, бирок байкушум өзү ооруп араң жүрсө, мен кошумча болбоюн да...
Азыр жашым 32де. Мындан 10 жыл мурун, эжемдикине конокко барганда күйөөм ала качып кеткен. Азыр ортобузда 3 балабыз бар. “Башынан эле турмушубуз жакшы башталды” деп айта албайм. Жолдошум өзү ичкиликке жакын болгону аз келгенсип, өтө кызыл камчы киши. Үйгө келгенде, сөзсүз бир нерседен кыйкым таап урушуп, мени бир эки чаап албаса моокуму канбачудай, дайыма жумурткадан кыр издей берет. Эч нерсе таппай калганда менин кулагыма асылып, “дүлөйсүң” деп кемсинте бермей адаты бар. Анткени менин бир кулагым тубаса жабык төрөлгөнмүн. Мектепте окуп жүргөн кезимде, чачты кое берүүгө болбосо да “балдар шылдыңдыбысын” деп кулагымды жаап жүрчүмүн. Эми минтип турмуш курганда ар күнү жолдошумдун шылдың мазактоосун угуп жашоого туура келип жатат. Башында абдан жиним келчү. “Мен күнөөлүүмүнбү? Кудай ушинтип жаратып койсо эмне кылайын?” деп ыйлап жүрдүм. Азыр деле ушинтип айткан сайын жүрөгүм ооруп, заманам куурулуп кеткенсийт. “Ушул сөздөрдү айтпай туруп эле сабаса го...” деп да ойлонуп кетем. Бул турмушта, эң жаманы көңүл калуу экенин түшүндүм. Анткени, ушул мазактоолор жүрөгүмдө ушунчалык катуу тийгендиктен, күйөөмдүн бул кемсинтүүлөрүн өмүр бою унута албасам керек...
Нурсия