Экс-министр Нурлан Сулаймановго жасалма “коррупционер” жарнагын кантип жабыштырышкан?
Ɵткөн жумаларда Чоң Алай жергесинде республикалык деңгээлдеги ири иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баш болгон, орун басары Камчыбек Ташиев төш болгон жетекчилер катышты. Мааракеде сөз сүйлөгөн Акылбек Үсөнбекович Чоң Алай жергесинин тарыхы, анын ɵзгɵчɵлүгү тууралуу мыкты баяндады. Сɵзүн жыйынтыктап жатып Акылбек мырза: «Чоң Алай жергесин инфраструктурасы өнүккөн аймак катары айтабыз. Айрыкча экономикалык өнүгүүгө өбөлгө болгон жолдор Чоң Алайда заңгырайт. Мындай жолду эч бир жерден таппайсыңар. «Атын атаса куту сүйүнсүн», ушул жолдорду салууда Чоң Алайдын кулуну, КР эмгек сиңирген куруучусу, мурунку транспорт министри, менин азыркы кеңешчим Сулайманов Нурлан Чолпонбаевичтин эмгеги зор. Биз аткара турган жумушту Нурлан ага досум эчак эле аткарып койгон. Мындан тышкары, Нурлан Чолпонбаевичтин жетекчилиги астында Бишкек-Ош жолу салынып бүткɵн, ошондой эле Бишкек-Нарын-Торугарт, Талас-Тараз-Суусамыр, Ош-Сары-Таш-Эркештам, Ош-Баткен-Исфана жолдоруна инвестициялар тартылган. «Жол азабы көр азабы» экенин алыскы тоолуу аймакта жашаган эл жакшы билет. Сиздердин атыңыздардан Нурлан ага досума расмий ырахматымды айтамын. Ал эми баласы Эльдар дагы Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутат болуп ишке киришти. Ийгилик каалайм!», -деп айткан эле. Акылбек Жапаровдун айткан сөздөрүн көтөрө чаап талдап, айрым блогер чалыштар интернет айдыңында Нурлан Сулаймановду ур-тепкиге алып жатып калышты. Ачыгын айтуу керек, азыр да ичине таруу айланбаган эргулдар социалдык тармактарда: «Акылбек Жапаров Чоң Алайга барып алып, коррупционер Нурлан Сулаймановду мактады», - деген маанидеги сын-пикирлерди байма-бай жазып атышат.
«Сөз келгенде айтпаса, сөз атасы өлөт» дейт эмеспи. Анын сыңарындай, так ушул учурда Нурлан Сулаймановдун кантип “коррупционер” болуп “аталып калганына” ачыктап, жооп бербесек болбойт. Экс-министр Сулаймановду жамы журтка жаманатты кылуу аракетинде айтылган бул кеп 2012-жылы биринчи жолу башталган. Агездеги башкы прокурордун «дирижерлугу» менен Жогорку Кеңештеги «Ата-Журт» фракциясынын 12 депутатына атайын буйрутма негизде кылмыш иши козголгонун унута элекпиз. Себеби, 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо эң көп мандат алган фракциянын саясаттагы таасирин азайтып, алардын атын элге жаманатты кылуу саясаты туш-тараптан жүргүзүлгөн. Ошентип атайлап кылмыш иши ачылган депутаттардын тизмесине илинген.
Нурлан Сулаймановго козголгон кылмыш иштин мазмунун бийликтин ырын ырдагандар: «Мурунку транспорт министри Нурлан Сулайманов мамлекетке 200 миллион сом зыян келтирген» деген обон менен созушкан. Бул айыпты мамлекеттик телеканалдардан байма-бай айттырып, элге сиңирүүгɵ болгон аракетин жумшаган. Бирок, иштин өзөгү башкача эле. Туура, Сулайманов учурунда министрликте кайсы бир жеке тараптар менен жол тармагына аба менен суудай керек болгон кадимки битум сатып алуу келишими жалпы 200 миллион сомго түзүлгөн экен. Аткаруучу тарап түзүлгөн келишимге ылайык өз ишин жүргүзүп жатып, аягында 7 миллион, 800 миң сомдук иш аткарыла электе 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя орун алып, иш токтоп калган. Апрель окуясынан кийин келген министрликтеги тиешелүү жетекчилер бул вазыйпаны көзөмөл кылган эмес, тагыраагы аткаруучулардан «келишим боюнча калган ишиңди аягына чейин аткар!» деп эч ким талап кылбагандан кийин токтоп калган. Анан ошол келишимде көрсөтүлгөн бүтүндɵй 200 миллион сомду башкы прокуратура Нурлан Сулаймановдун кылмыш ишине чаптап, элге жаман атты кылып, жар салып чыккан. Аныгында 193 миллион сомго жакын сумманын иши аткарылган эле. Келишимде кɵрсɵтүлгɵн 96%дык иш бүткөрүлүп, бирок, 5%га жетпеген гана калдык калганын айткысы келген эмес. Мына ушул куру доомат менен азыркы күнгө чейин Нурлан Сулаймановду «коррупционер» деген каралоонун аягы токтобой келет. Ии баса, кылмыш козголгондон кийин аткарыла элек 7,8 миллион сомдук ишти келишим түзүлгөн тарап өз мезгилинде толугу менен аткарып бергенин белгилей кетели. Бирок, муну ошол кездеги бийлик билермандары ачыктап, негедир иштин чоо-жайына тактоо бербептир.
Дагы бир жагдайдан алсак, Нурлан Чолпонбаевичке козголгон кылмыш иши ал киши чет өлкөдө иш сапары менен жүргөн учурда шашылыш ачылганы, саясый боёгу бар экенин өзү эле айтып турат. Иш колгозгон соң кырдаалды карап, анализдеген соң Нурлан Сулайманов ɵлкɵгɵ кайра келбей, ошондон ары башка жакка кетүү чечимин кабыл алган. Себеби, ал кишинин ден соолугуна байланыштуу жакынкы эки айдын ичинде жүрөккө жасала турган олуттуу операциясы бар болгон. Эгерде өлкөгө келсе, камакка алынмак, камалган соң анын пландалган операциясына бийлик уруксат бербей коёру турган иш болчу. Ал эми ден соолугун ойлоп, Нурлан Сулаймановдун башка ɵлкɵгɵ чыгып кеткен чечими бийликке майдай жаккан. «Сулайманов иш козголору менен качып кетти» деген сөздү желдей таратышып, үстɵккɵ-босток каралоого ɵтүшкɵн. Болгон маалыматтык рычагды колдонуп, аны качкын, коррупционер катары элге жек көрсөтүү “сценарийи” ийгиликтүү ишке ашкан. Кийин Сулаймановго козголгон “Коррупция” беренесине жетиштүү далил таба алышпай, аргасыз кылмыш иштин беренесин “Шалаакылык” деп ɵзгɵртүшкɵн. Акыры бул иш боюнча Нурлан Сулайманов толугу менен акталып чыккан. Анан бир кездеги бийликтин буйругу менен козголгон кылмыш ишти азыр да чаптап, акталган адамды “коррупционер” атай берүү кимге кызык?! Албетте, Нурлан Сулаймановдун душмандарына кызык. Мен бул макала менен Сулаймановду “коррупционер” атап жаткандарга жооп катары жаздым. Алдыда Нурлан Чолпонбаевич тууралуу айтыла турган сɵздɵр арбын...
Амантур Мусагул уулу, “Де-Факто” коомдук-саясый гезитинин башкы редактору
"Азия Ньюс" гезити