Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Биринчи Май жана Свердлов округдарынан талапкер болууну каалагандар 13кө жетти

Биринчи Май жана Свердлов округдарынан талапкер болууну каалагандар 13кө жетти

03-январь, 12:36
940 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкектеги Биринчи Май жана Свердлов округдарындагы кайра шайлоодо талапкер болууну каалагандардын саны 13 адамга жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында кабарланды.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май шайлоо округунан жети адам, ал эми Свердлов округунан алты адам талапкер болууну көздөп жатат. Алардын арасында Биринчи Май округунда мурдагы вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева, адвокат Нурбек Токтакунов, шаардык кеңештин депутаты Рысбай Аматов, Бишкектин мурдагы вице-мэри Руслан Акылбеков, мурдагы күч кызматкери Анвар Сартаев бар. Ал эми Свердлов округунан Бишкек мэринин мурдагы кеңешчиси Гуля Алмамбетова, жарандык активист Назгүл Жолдошева, дарыгер Муратбек Султанбеков жана башкалар арыз берген. Буга чейин мурдагы башпрокурор Аида Салянова да дал ушул округдан талапкерлигин коюу ниетин билдирген эле.

28-ноябрда өткөн шайлоодо бул округда шайлоого катышкан жарандар баарына каршы добуш бергендер көп болгон.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер