Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дөөлөткө ак жол!

Дөөлөткө ак жол!

05-ноябрь, 13:38
656 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жараткан жар болуп, Манас атабыздын касиети колдосун! Белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков инибиз дүйнөлүк Гиннес рекорддор китебине кирүү үчүн тынымы жок, узак мөөнөттө манас айтуу аракетин кылат. Бул иш-чара 12-ноябрь күнү боло турганы белгилүү болду. Азыр кызуу даярдыктар жүрүп жатат. Атайын түзүлгөн чыгармачыл топ күнү-түнү билек түрө иштеп баштады. Ай ааламды сапырган манасчылык өнөр бир гана кыргыз элине таандык экенин унутпайлы. Даңазалай турган мезгил келди. Ары кырдуу, ары сырдуу манасчылык дүйнөсү, анын касиети, түркүн түс боёктору, күтүүсүз окуялар биринин артынан бири шурудай тизмектелип көз алдыңа тартылат... Манас атабыздын касиети колдоп, айтканың арбысын, Дөөлөт иним!


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер