Каныбек Иманалиевдин саясый рейтинги өсүп, бийликке коркунуч жаратмак экен


Интеллигенция чөйрөсү Каныбек Иманалиевдин билим берүү жана илим министрлигинен кеткенине нааразы экен. Арзыбаган шылтоону бетке кармап, убакытка жараша чечиле турган маселени негиз кылып, кызматтан кетирүүнү көпчүлүк туура кабылдашпаптыр. Китеп көйгөйүн көбүртүп-жабыртышып, жасалма түрдө коомчулукка чуу чыгарышып, көпчүлүктү адаштырууга аракет жасашкандай... Кыйын министр катары Каныбек Иманалиевдин баштаган реформалары кимдир бирөөлөргө керек эмес эле. Өкмөт курамынан өзгөчө көзгө көрүнүп, рейтинги өсүп баштаган. Эгерде бир-эки жыл иштегенде, билим берүү системасын саздан чыгармак. Мындай шартта миңдеген агартуучулардын купулуна толсо, бул көрүнүш коркунучтуу да. Ошон үчүн Акүйдөгү интригандар бузукулук жасашып, келечекке карай ала аркан ыргытышып, Каныбек Капашовичтин кадыр-баркынан коркушту. Каарманыбыз амбициялуу саясатчы эмеспи, эл назары төгүлсө, ага бийликти тарттырып жиберүүдөн тайсалдаштыбы?..
"Азия Ньюс" гезити











