Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каза болгон келин жакында турмушка чыкмак

Каза болгон келин жакында турмушка чыкмак

20-июнь, 12:35
848 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаарында эркек адам тарабынан бычак сайылып, ооруканада каза тапкан келин Жайыл районунда 1992-жылы туулган М.Б. экени белгилүү болду. Маркумдун жакындарынын айтымында, анын мурунку жолдошунан 2 уул, 1 кызы бар.
 «Алар ажырашып кетишкен. Ортодо Россияда эмгек мигранты катары жүрдү. Ал эми анын өлүмүнө шектелген жаран менен бирге жашап жатканына аз эле убакыт болгон. Бирок аны менен да мамилеси келишпей калган экен. М.Б. андан качып, жумушун да которгонго аргасыз болгон. Бирок угушубузга караганда
, артынан аӊдып барчу экен. Ысык-көлдүк жигит менен таанышып, аны менен баш кошорун угуп, «сен мени менен жашайсыӊ же болбосо өлтүрүп салам» деп коркутуп жүргөнүн кийин уктук. Маркумду 18-июнда кудалар колдон алып кетишмек», - деп билдиришти келиндин жакындары.
 17-июнда саат 19:00 чамасында борбордун батыш бөлүгүндө белгисиз адам аял кишиге
кол салган. Болжолдуу маалымат боюнча, ал сүйүктүүсүн кызганып, көчөдө жаңжал чыгарган.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер