Бир аял көз жумса, жалгыз бой эне өмүрүн кыюуга аракет кылды

Карантин маалында үй-бүлөлүк чырдын айынан бир аял көз жумса, бир топ өспүрүм өз өмүрүнө кол салууга жетишти.
Ал эми 23-апрелде Караколдо жалгыз бой эне өмүрүн кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу Каракол шаарынын вице-мэри Гүлназ Орозова билдирди. Анын айтымында, ал аял 2 баланы багып келген, алардын биринин майыптыгы бар.
«Кечээ маалымат келгенден кийин мэриянын жана «Тирек» реабилитациялык борбордун кызматкерлери ал үй-бүлөгө барышкан. Ал аял көп дары ичип алып, өмүрүн кыюуга аракет кылган. Бирок аны медицина кызматкерлери куткарып калган. Ал үй-бүлөсүн бага албай жатканын айтты. Кечээ күнү мэриянын кызматкерлери гуманитардык жардам алып барып берди. Ошондой эле балдарга жардам борбору да азык-түлүк түрүндө жардам беришкен. Учурда ал аял менен психологдор иштеп жатат», - дейт Орозова.