Кең Сары Өзөндөн Каныбек Абдрахмановго орун басар араң табылды


Аймактык балансты сактоо үчүн Чүй ОИИБнин бир орун басары Сары Өзөндөн болушу керек. Начальник Каныбек Абдрахманов көлдүк эмеспи. Кыйла убакыт мурда Чүйдүн квотасын ээлеп отурган оперзам жумуштан кетип, анын ордуна кадр табылбай бир топ убакытка созулду. Акыры Кара-Суу РИИБде иштей албай койгон бирөө келиптир... Кең Чүйдөн милициянын татыктуу жетекчиси өспөгөнүн карачы! Ушундай да болобу? Ириде кадр даярдоодо баардык аймактардан өсүп аткан жаштарды саресепке салып, тегиз кароо менен бирдей мамиле жасалышы керек. Бүгүнкү кемтикти алсак, мындан 15-20 жыл мурдагы кемчиликтер катары баалайлы. Убагында “кол ийрисине тарткан” саясат менен айрым аймактардын балдары каралбай калса, анан бүгүнкүдөй “аксак көрүнүшкө” туш болот экенбиз да...
"Азия Ньюс" гезити











