Депутат Медер Алиев менен талашып-тартышардан мурда деңгээлиңди билишиң керек...


Парламентте улам эле Улукбек Карыбеков майда сөзгө алдырып, Медер Алиев менен айтышып, тил кайрып сөздү көбөйтүп жүрбөдүбү. Спикер элдештирсе да болбой кайрадан көнгөн адатына салып, ажылдап жатты... Натыйжада, коомчулуктун баа берүүсүнөн алганда, көпчүлүк катмар Медер Алиевди колдошуп, алкагандар арбыды. Себеби, ал мыйзамдын тилин билген дасыккан юрист экен, анан калса, сөздү ырааты менен сүйлөп, туура түшүндүрүүгө аракет кылса деле Улукбек кыйкым издеп, уруш чыгарууга жүткүнө бергени аброй алып келген жок. Кандай гана диалог, дискуссия болбосун, ар ким өз ордун билип, чийимден чыкпай ыгы менен ой таштаса, омоктуусу бааланат да. Андыктан, депутат Медер Алиевге каршы чыккандар, талашып-тартышкандар баары бир уят болуп калышары кадиксиз тура. А Улукбек Карыбеков дагы өсүш керек, эгер аң-сезими жетсе...











