Мээнин сыйкырдуу сыры, супсулуу түрү – нейрохирургдун оюн ойнотту, тилин сайратты


Жандуу, анан дагы азап чегип жаткан мээни кароо эч кимди кайдыгер калтырбайт деп ойлойм. Мээни көп жолу көрүү, ага түздөн-түз кол тийгизүү мени эч качан көңүл кош калтырган эмес. Операция мезгилинде, мээ менен жекеме-жеке калган кезде, аргасыздан ар түрдүү ойлор туулчу. Ар бир жолу жандуу мээнин көрүнүшү мага ой жүгүртүүгө түрткү берчү. Мээнин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жазуу жана айтуу абдан кыйын, бирок кызматтык парз катары айтсам, мээге жакындан кол тийгизгенде, анын ар кандай бөлүкчөсүн өз колуңа алганда, ал тууралуу унчукпай коюу андан бетер оорурак. Адамдын мээси эң кооз, эң өрнөктүү орган болуп саналат, ал кылымдар бою табият тарабынан сомдолуп-жылмаланган. Акындын, жазуучунун өтө көркөмдүү жана таланттуу тили, эч кандай чечендик тил табияттын ушул кооз жаралгасынын өзгөчөлүктөрүн мүнөздөй албайт. Дүйнөнүн көптөгөн улуу, гений окумуштууларынын күч-аракеттерине карабай, мээ азыркыга чейин аңдалбаган, табышмактуу, сырдуу бойдон кала берүүдө. Табият мээни адамдын көзү менен колунан оолак каткан жана коргогон, ал сөөк кутусу – баш сөөк аркылуу чептей бекем курчалган.
Жогоруда айтылгандай, мээде жүз миллиарддан ашуун нейрондор бар. Ар түрдүү булактарда ар башка сандар келтирилген, чындап эле аларды кантип эсептөөгө болот, так аныктоо мүмкүн эмес. Тибине жана аткарган кызматына жараша нейрондордун ар биринин мээнин башка бөлүктөрү менен 50 миңге чейинки байланыштары болушу мүмкүн. Эгерде ким санаганды билсе, санап чыкса, анда ал көп миллиондук сыйлыкка татыктуу деп ойлойм, анткени, мээ – бул жөн гана нейрондук түйүн эмес, ал түйүндөрдүн түйүнү. Мээде 5,5 петабайт маалымат. Биз мээде кызматтык блоктор бар экендигин, башкача айтканда, дайыма кызматтардын кандайдыр бир борборлору бар экендигин билебиз. Мисалы, эгерде биз кандайдыр бир кептик, тилдик жумушту жасап жатсак, анда мээде кептик кызмат үчүн жооптуу жерлери активдешет (муну эми функционалдык позитрондук-эмиссиялык өзөктүк-магниттик томографиянын жардамы менен аныктоого болот). Бирок, бул эле эмес. Мына ошол мезгилде мээнин башка бөлүктөрү да ишке тартылат, алар да катышат. Ушул учурда көңүл буруу менен эстутум иштейт да, алар четте калбайт. Эгерде көрүмдүк чөлкөмүнө тапшырма берилсе, демек, көрүү кабы (борбору) да иштейт, эгерде угумдук чөлкөмүнө тапшырма берилсе, анда угуу кабы (борбору) да активдүү боло калат. Анан калса, ассоциациялык процесстер дагы бир мезгилде иштешет. Бир сөз менен айтканда, кандайдыр бир конкреттүү милдетти, функцияны аткаруу учурунда мээде кайсы бир бөлүк өзүнчө активдешпейт – мээ дайыма бүт, толук иштейт, бирок айрым чөлкөмдөр көбүрөөк, башкалары азыраак иштешет. Башкача айтканда, бир нерсеге жооп берген бөлүктөр бар сыяктанышат да, ошол эле учурда алар жок өңдүү болушат.
Биздин алдыбызда ар бир жолу, ар бир мезгилде бир эле мээ тургансыйт, бирок ошол эле мезгилде ал чексиз, ар түрдүү, анда бүткүл дүйнө чагылтылат: анда көгүлтүр асман да, кооз сүрөт да, бир сөз менен айтканда, бүткүл жаратылыш бар сыяктуу. Сенин алдыңда жандуу мээ турганда, ал адамдын жандүйнөсүнө да, акыл-эсине да, бийик тоолордун элесин, түпсүз мухиттин сүрөтүн, чексиз космос мейкиндигин, көрктүү дарактардын көлөкөлөрүн жана алмаз кристаллдарынын кырларын жаратууга жөндөмдүү, мындан тышкары, мээнин көрүнүшүнөн сенде көптөгөн ар түрдүү туюмдар, өтө бийик көтөрүңкү сезимдер пайда болушат.
Мээ – бул адамдын эң татаал тутумунун бир бөлүгү, анын аркасында биз тирүүбүз, сак-саламатпыз. Мээнин аркасы менен биз тышкы дүйнөнүн сулуулугун көрө алабыз, угуп, сезебиз, кабылдайбыз, таңгаларлык сүйө да, жек көрө да алабыз, акырында, асылдыкты түшүнүп, жаратмандык кыла алабыз. Мээ өзүнүн жашоо берүүчү учуктары аркылуу жарык нур чачыратат, адамдарга кубаныч тартуулайт. Бир сөз менен айтканда, мээ – бул бакыттын туулган жери же бакыттын пайда болуучу жери.
Бир караганда мээ абдан жөнөкөй, бирок бул жөнөкөйлүк алдамчы көрүнүш. Кыйла кунттуу, зээндүү караганда, анын ар түрдүү, эң татаал түзүлүштөрү менен кызматтары жөнүндө айтпаганда да, татаалдыктар менен күтүүсүздүктөргө толо болуп чыгат. Мунун баарын түшүнүү үчүн аны жөнөкөй кароо жетишсиз. Ошондуктан мээни көңүл коюп жана ага терең сүңгүп кирип, аңдоо керек. Мээ дагы наристе өңдүү дем алат. Анда адамдын өпкөсүнүн дем алуусу, жүрөгүнүн кагуусу чагылат. Азап чегип жаткан мээге боор тартуу менен бирге аны аялуу көз менен кароо кажет, аны жүрөгүң, жаның аркылуу сезүү абзел.
Биз мээ жөнүндө, анын азап тартуусу боюнча канчалык көптү билсек, ал бизди өзүнө ошончолук чукул жана күчтүү тартат. Мээни таанып билүү, ошол эле учурда ал бизге кубаныч, кээде кайгыруу сезимин алып келет. Табияттын керемет жаралгасына кол тийгизүү – жоопкерчиликтүү жана өтө оор иш. Мээ менен иштөөдө хирургдун кылдаттыгы талап кылынат, хирургдун калпыстыгына мээ чыдабайт. Мээ өзүнүн катаал, чексиз сулуулугу менен эрксизден тарбиялайт, жакшылык каалоого, жакшылык кылууга чакырат. Мына ошондуктан азап чегип жаткан мээ менен иштеген учурда өзүң күрөшкө толук чөмүлөсүң.
Ошол эле учурда мээ ар түрдүү күтүүсүздүктөргө жөндөмдүү. Ал хирургдун каталары менен оройлугуна чыдабайт, аларды мээ кечирбейт. Ар бир хирургда, өзгөчө нейрохирургда бүркүттүкүндөй көз, акылдуу жана эптүү кол, ошол эле учурда ак пейил жүрөк болууга тийиш. Ага билбестикте мамиле кылганда, ал сени жазалоосу мүмкүн. Мына ошондо ийгиликтен үмүттөнүү кыйын болот. «Бүлүккө (кыйналууга) түшкөн» мээни тынчтантууга, токтотууга дээрлик мүмкүн эмес, «бүлүккө түшкөн (кыйналган)» мээ «ыйлап ийиши» мүмкүн. «Ыйлап жаткан» мээнин «көз жашы» дайыма кандуу. Ал ыйлап жатканда бүткүл дене азап чегет. Мээ ыйлап жатканда көз жашын адамдын ички органдары да төгүшөт. Кээде «ыйлап жаткан» мээ өзүн курмандыкка чалат – ал адамдын (хирургдун) көз алдында жарылып кетиши мүмкүн, башкача айтканда, мээ көпкөн камыр сыяктуу шишип, ар кандай бөлүктөргө чачырайт. Мына ошондуктан жандуу, ысык жана дарттуу, азап чеккен мээге кол тийгизгенден кийин ар бир жолу нейрохирургдун ак халатынан муздак тер – туздуу сууну сыгып чыгарууга туура келет. Эгерде мээге ачкыч тапсаң, анда ал сени өзүнө кабыл алат да, сага өзү менен иштегенге мүмкүнчүлүк берет. Анан жадагалса ал токтоо жана ак көңүл, жардамсыз жана күчтүү. Мен табияттын адаттан тыш өтө кооз бөлүкчөсүн – МЭЭни көргөндө мына ушундай ойлор пайда болот!
Мээге мен баатыр эмес малаймын,
Мээнин ириңдерин шилекей деп жалаймын.
Мээге да шык бергенге жараймын,
Мээни мен сулуу кыздай караймын.
Мээ менен күнүнө мен дем алам,
Мээден мен жандүйнөмө жем алам.
Мээ жокто мен ырыскымды кем алам,
Мээ барда мен кыйынчылыкты жеңе алам.
Мээ деген күлүктү мен минипмин,
Мээ менен бүт дүйнөгө кирипмин.
Мээнин татаалдыгын эми гана билипмин,
Мээнин чынжырларын мен мойнума илипмин.
Мээдеги жараларды колум менен тилипмин,
Ошондуктан мен элим үчүн тирикмин.
Мээде пайда болот электр ток,
Ал токко болбойсуң сен эч качан шок.
Ошол токко кокусунан болсоң сен шок,
Ошол замат бул дүйнөдө болосуң жок.
Ойлонуп сүйлөбөсөң сөз деген ок,
Сезилет жүрөгүңө салгандай чок.
Миталип Мамытов, академик
"Азия Ньюс" гезити











