Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айтылуу Акылбек Жапаров кызматтан кетүү менен эле чектелеби?..

Айтылуу Акылбек Жапаров кызматтан кетүү менен эле чектелеби?..

21-октябрь, 21:28
8 366 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Министрлер кабинетинин мурдагы башчысы Акылбек Жапаров 3,2 миллиард сомго мамлекетти отургузуп коюп, жоопкерчилик тартпай тайраңдап жүрө береби?” деген суроо бир топтон бери эле коомчулукта ачык айтылып келет. Мындай эбегейсиз ири суммага кол шилтенип, көз жумду мамиле болсо, коррупцияга каршы күрөштүн абалы кантет? Жаназасы окулуп, мындан ары бул маселеге ооз ачылбай калабы? Айтор, түшүнүксүз жагдайлар арбын. 

Экинчи жагынан алып караганда, Акылбек Жапаров колу менен жасаганды мойну менен тартып, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылбагандан улам, элдин бийликке карата ишеними басаңдап баратабы? Мына, “Акылбек Үсөнбековичтин коррупциялык схемага байланышы бар” деген кине менен кызматтан алынганына дээрлик 10 айдын жүзү өттү го? Бул аралыкта иш тыкыр иликтенип, күнөөсү бары-жогу такталып, ак же көк деген укуктук баа берилип, коомчулукка ачык жарыяланышы керек эле. Тилекке каршы, “кар жаады, из басылды” логикасы үстөмдүк кылып, будамайлоо аракети көрүлдүбү? Ар ким келип эле ичип-жеп, оозу-мурдун жаланып чыга берсе, мамлекет өнүгөбү? Анүстүнө коррупциялык күрөштө тандалма саясат болбой, ким кайсы кызматта иштебесин, мыйзам буздубу, камалып, жегени болсо “кусуп”, жооп бериши керек да, туурабы? Айтор, суроолор көп. А жыйынтыгын кантебиз? Баш чайкайсың...

Сыягы, Акылбек Жапаров көз жазгырып, ар бир бийликтин тилин таап, амалкөйлүгүн, кыйындыгын көрсөтүп атканы ушулбу? Жакынкы жыйырма жылда да “тутулбайт” окшойт...  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер