Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Биримдик” №1. “Чек ара коопсуздугу – улуттук коопсуздуктун ажырагыс бөлүгү”

“Биримдик” №1. “Чек ара коопсуздугу – улуттук коопсуздуктун ажырагыс бөлүгү”

28-сентябрь, 17:14
567 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Чек ара коопсуздугу – бул мамлекеттин коопсуздугунун ажырагыс бөлүгү жана партиянын артыкчылыктуу милдети” деп “Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо партиясынын талапкери Өмүрбек Бакиров Ош шаарынын тургундары менен болгон жолушууда билдирди. 

“Партия Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча ишти күчөтүп, бардык талаштуу аймактар боюнча тез арада макулдашууга жетишүүгө ниеттенүүдө” дейт Бакиров.

Тышкы саясаттын башкы милдети – өлкөнүн ийгиликтүү ички өнүгүүсү жана жарандардын гүлдөп өсүшү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу деп белгилеген “Биримдик” партиясы, төмөнкү артыкчылыктуу багыттарды коргоого ниеттенүүдө:

-- эл аралык жана аймактык уюмдар менен натыйжалуу кызматташуу; 

-- коопсуздукту камсыз кылуу жана эл аралык кадыр-баркты бекемдөө; 

-- кошуна өлкөлөр менен болгон мамлекеттик чек аралар боюнча талаштуу маселелерди тез арада чечүүнү камсыз кылуу, чек арага тилкелеш жашаган калктуу пункттардын коопсуздугун камсыз кылуу;

-- чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин укуктары менен таламдарын ырааттуу коргоо; 

-- учурдагы жалпы дүйнөлүк процесстерге активдүү катышуу жана эң мыкты тажрыйбаларды өздөштүрүү.

Өмүрбек Бакиров кыргыз эли терең ойлонуу менен тандоо жасап, “Биримдик” партиясын колдойт деген ишенимин билдирди.

«Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер