Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айбар Султангазиев: “Шайлоого карай вирусту жугузуу күчөйт”

Айбар Султангазиев: “Шайлоого карай вирусту жугузуу күчөйт”

27-август, 18:13
708 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саламаттык сактоо тармагынын адиси Айбар Султангазиев сентябрь айынан тарта вирус кайрадан күч алат (!) деген пикирде. Айтымында, күздө өтө турчу шайлоо процесстери да пандемиянын жайылышына шарт түзөт. 


-- Айбар мырза, азыр оору басаңдап, эл жай турмушка өттү. Бирок, бир ай мурун ооруп, кыйналган күндөрдү унутуп калгандайбыз... Эреже сактаган кишилер көрүнбөйт. Мунун кесепети кандай болушу ыктымал? 

-- Мендеги прогноз боюнча оору он бешинчи сентябрдан баштап күчөйт. Азыр элдин баары эпидемияны унутуп калышты. Беткап тагынган киши жок. Баштагыдай эле куран окутуу, аш берүү, кырк-аш берүүлөр тынымсыз өтүп жатат. Бизде жай болгондо Австралия, Перу жана Европанын айрым мамлекеттеринде  кыш болду. Ушул учурда аталган мамлекеттерде пандемия күчөп, айрымдары кайрадан карантин киргизишти. Кыргызстанда да октябрда ооруган кишилердин саны өсөт. Менин эсебим боюнча, бүгүнкү күнгө чейин жарандардын он беш пайызы илдетке чалдыкты. Калган үч миллион адамга чукулу ооруй элек. Бу саам эң көп ооруй турган адамдар аймактарда болот. Себеби, алар жайында талаада жер иштетишип, тоодо мал менен жүрүшүп, аралык сакталды. Күн салкындаганда  элдердин топтолуусу күч алып, буга жараша вирус кескин күчөп кетиши ыктымал.

-- Пандемиянын жайылышына шайлоо процесстери кандай таасир этиши мүмкүн? 

-- “Бийлик” дегенде эл өз ден соолугун да унутуп калганы мени таңкалтырып жатат. Азыр баардыгы шайлоого чуркап жүрүшөт, аралыкты сактаган, эрежеге баш ийген жан жок. Бул кебетеси менен шайлоо процесстери вирусту күчөтө турган болуп калды. “Парламентке келебиз” деп буттары үзүлгөнчө чуркап жүргөндөргө айтат элем, ден соолукка караш керек, кооптуу жагдай жаралганы калды. Биз да кычап, дал ошол эпидемия күчөп жатканда шайлоого барат экенбиз.  

-- Өкмөттүн, саламаттык сактоо министрлигинин экинчи толкунга даярдыгы кандай болуп жатат?

-- Саламаттык сактоо министрлиги да, өкмөт да “даярданып жатабыз” дешти. Бирок, сөздөн ишке өтпөй жаткандай. Буга чейинки дарядыктарын көрдүк да. Алар дары-дармек запасын, ооруканалардын даярдыгын көрсөтүшө элек. Бирок, “өлүм көп болбойт” деп ойлойм. Себеби, адистер бейтаптарды дарылоо жолдорун өздөштүрүп алышты. Учурда дарылоонун төртүнчү протоколу жазылып жатат. Өкүнүчтүүсү, Аида Зурдиновага окшогон билермандар, эксперттер Россиядан келген врачтардын сунушун четке кагышып, дарылоо процедурасынан чийип салышыптыр. Мунун кесепетин карапайым эл тартышы мүмкүн. Ушул жагын эске алганда, “даярдык жакшы эмес” деп айтсак туура болот. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер