Акыркы кабарлар
» Коом » Өзбекстанда эртеңден баштап күн катуу ысый турганы айтылууда. Канча градус?
Өзбекстанда эртеңден баштап күн катуу ысый турганы айтылууда. Канча градус?
02-июнь, 20:04
1 709 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Коңшу Өзбекстанда эртең, 3-июндан тартып күндүн табы +46 градуска чейин көтөрүлөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу Узгидромет борборуна таянуу менен аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
“3-7-июнь күндөрү абанын температурасы климаттык нормадан +7, +10 градус жогору болот. Күндүз +40, +43 градус, ал эми түштүктө жана чөл зонасында +44, +46 градуска чейин ысыйт” деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Өзбекстанда аба ырайы катуу ысый баштаганы кабарланган.
“Супер кж”